Акыркы кабарлар
» Саясат » Шакиевдин ордуна ким төрага болот? Талапкерлер атала баштады...
Шакиевдин ордуна ким төрага болот? Талапкерлер атала баштады...
11-февраль, 01:12


Өткөн жумада эле парламент спикери Нурланбек Шакиев какшык аралаштыра сүйлөп, президент Садыр Жапаровго жумшак акаарат келтиргенине көпчүлүк таңгалган эле. Интриганын уюгу ушул жактан чыкканбы? Дагы көп божомолдор жакында ачыкталса керек... Эң кызыгы, учурда Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлер айтыла баштады. Алар: Марлен Маматалиев, Улан Примов, Курманкул Зулушев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Азизбек Турсунбаев ж.б. Адатта президент, өкмөт башчы түндүктөн болсо, спикерлик квота түштүккө берилерин турмуштук практика көрсөтүп келатат го? Ошондо жакын арада Шакиевдин шагы сынып, ордун бошотуп берери ачыкталып калды окшойт...











