Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдардын сасык тумоосун COVID-19дан кантип айырмалоо керектиги айтылды

Балдардын сасык тумоосун COVID-19дан кантип айырмалоо керектиги айтылды

18-октябрь, 21:29
1 100 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Лондондогу королдук колледждин профессору Тим Спектор балдардын сасык тумоосун кадимки COVID-19дан кантип айырмалаш керектигин айтып берди. Бул туурасында The Daily Mail жазды.

Адис эгер баланын мурду бүтө баштаса, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бул аны коронавирус менен ооруп калды (!) дегендикке жатпайт.

Спектор катышкан изилдөө мектеп жашындагы балдар арасында коронавирус инфекциясынын эң көп тараган белгилери — тез чарчагандык, баш оору, эт ысуу экендигин көрсөткөн. Ал эми чоңдордо алсыроо, калчылдоо жана жыт сезбей калуу менен коштолот. Мындан сырткары, изилдөө COVID болгон ар бир алтынчы баланын терисин кызарган бүдүрлөр каптап кетерин көрсөткөн.

Дарыгер коронавирус жуккан ар бир эле баланын эти ысый бербестигин, гриппке караганда белгилери кеч байкалышы ыктымалдыгын айтты.

Спектор кээ бирлеринде оорунун белгилери байкалбастыгын, бирок вирусту алып жүрүп, башкаларга ооруну таратуучу болорун кошумчалады.

Коронавируска шек жаралганда баарынан жакшысы башкаларга жолобой, үйдө калуу экендигин кошумчалады. Ал эми диагноз коюу үчүн дароо дарыгерге кайрылып, өзүн-өзү дарылап үйдө жата бербеш керектиги эскертилди.


Сасык тумоонун белгилери

Оору курч башталат. Бир нече саат ичинде эле дене табы максималдуу көтөрүлүп (39-40 жана андан жогору), 3-4 күнгө чейин сакталышы мүмкүн. Чыйрыгуу, тердөө, баш оору, көздүн жарыктан уялуусу, баш айлануу, булчуңдардын жана муундардын ооруй башташы – сасык тумоонун белгилери. Оору башталгандан эки күн аралыгында мурун бүтүү, катуу жөтөл, чүчкүрүү, көздүн кызаруусу, уйкусуздук жана шалдыроо күтүлөт. 


Оору күчөй баштаса эмне кылуу керек?

Оору тереңдеп кетсе, пневмония, ринит, синусит, бронхит жана отит келип чыгышы мүмкүн. Мындан тышкары, сасык тумоодон соң өнөкөт ооруга айланган бронхиалдык астма менен бронхит, бөйрөк оорулары курчуп кетиши ыктымал. Андыктан, ооруну күчөп кетүүгө жеткирбей дарылануу кажет. 


Сасык тумоонун алдын алуу

Сасык тумоо эпидемиясы жүрүп жаткан кезде коомдук унаанын кармагычтары вирустардын топтошкон жайына айланат. Андыктан кармагычты кармагандан соң вирус жукпашы үчүн колду эки ирет самындап жууну унутпаңыз! Эл көп жүрүүчү жерлерге баруудан качуу керек жана андай жерлерге балдарды да алып барбоо кажет. Жыл сайын күзүндө гриппке каршы эмдөөдөн өтүү зарыл!


Башталганда эмне кылуу керек?

Суусундукту көп ичүү (бал менен чай, морс ж.б.). Төшөктө жатуу. Дене табы 38,5тен өйдө көтөрүлгөндө ысытманы түшүрүүчү каражат – интерферонду жана вируска каршы дары – ремантадин, альгирем же арбидолду кабыл алуу. Поливитаминдерди (же С витаминин) колдонуу. Мурунга оксолин дары майын сыйпоо. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер