Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ЖАКтын төрайымы Бакыт Тыналиева коррупцияны кантип гүлдөттү?

ЖАКтын төрайымы Бакыт Тыналиева коррупцияны кантип гүлдөттү?

18-февраль, 19:00
1 392 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизи, “бир кечкен сууну кайра кечпейт” дечү эле, бирок бул жолу Алмаз Бейшеналиев ал эрежени бузуп, жыл айланбай кайра билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Убагында “жакшы иштесин” деп биз да камчылап турдук. Анын демилгеси менен өкмөттүн алдындагы жогорку аттестациялык комиссия министрликтин курамына өткөн. Калыстык үчүн айтканда, бул Алмаз Бейшеналиевдин алгылыктуу иши эле...

Ошондон кийин ЖАКтын төрайымы Бакыт Тыналиева ыргыштап, президенттин наамына арыздарды, кайрылууларды уюштуруп, “билим берүү жана илим министрлигине кошулбайм” деп, ЖАК анын жеке менчигинен бетер кыялын көрсөтүп, алтургай “эмгек өргүүсүнө кеттим, андан кийин иштен бошоткула” кыязында арыз да жазып жибергенин кантебиз? Ал ортодо ЖАКты министрликке кошкон Алмаз Бейшеналиев башка кызматка өтүп, илим менен иши болбогон жаңы министр Болот Купешовду ЖАКтын маселеси кызыктырбаптыр. Ушул жагдайды Бакыт Тыналиева жакшы пайдаланып, жаңы жарлык чыгартып, өз алдынча болуп кетти. Негизи, “ЖАК коррупциялашкан мекеме” деп бааланып келгенине эмне дейбиз? Илимдин кандидаты, доктору дипломун ЖАК 30 жылдан бери каалагандай эле таратып келатат, бирок Кыргызстанда илим алдыга жылган жери жок, болгону бизнеске айланып, коррупциянын гүлдөшүнө ыңгайлуу шарт түзгөнү жалганбы?

Антиплагиаттан качып, кыргызстандык аспиранттар философия, социология, педагогика, юриспруденция, политология, экономика адистиктери боюнча орус тилинен даяр эмгектерди котормочуларга кыргыз тилине котортушуп илимий даражага ээ болуп жатышат. Алардын жалпы саны эбак эле миңден ашкан. Аталган адистиктер боюнча өз алдынча кыргыз тилинде илимий эмгек жазган илимпоздор саналуу эле. ЖАК аны билбейт дейсизби? Билет! Бирок, кызылдай акча айланып жатса, андан пайыздар чөнтөккө жөн эле түшүп турса, аны кантип кыят?.. Ал эми диссертациялык кеңештин төрагалары коргоого чыгып жаткан аспиранттардан бери дегенде 30-40 миң сомдон акча жыйнатышканын кантип токтотобуз?

Дагы бир мисал, ЖАК илимий жетекчиликке атайын уруксат берет, бирок ошол жетекчилер канчадан илимий кадр даярдап жатканы менен ЖАКтын иши да жок. Бир эле учурда 30-40 аспирант, изденүүчүлөргө жетекчилик кылган шылуун профессорлор да сыягы ЖАК менен пайыздарын бөлүшөт окшойт. Болбосо, өкмөттүн 2018-жылдын 16-июлунда чыгарган №327 токтому менен бекитилген Кыргызстанда илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча атайын жобо бар. Бул жободо “Бир илимий жетекчиге бир учурда бекитилген аспиранттардын (изденүүчүлөрдүн) саны 5 адамдан ашпоосу керек” деп ачык, так жазылып турат. Бул жобонун аткарылышын ЖАК көзөмөлдөөгө алган жери жок. Бир учурда 30-40 аспирант, изденүүчүлөргө жетекчилик кылып, аларга салык салып, 5-10 миң сомдон жыйнап, ошолордун эсебинен той өткөрүүнү салтка айлантып алган илимий жетекчилер аңызга айланып кетти го? Андан да кызыгы, даяр диссертацияларды сатып жүргөн илимий жетекчилер тыйылбай калдыбы? Юриспруденция, медицина боюнча даяр кандидаттык иш он миң доллар болсо, ошол эле баага политология, философия, социология, педагогикадан илимдин доктору дипломун жөн эле аласызбы? Мындай орой мыйзам бузууларга чара көргөндүн ордуна, мамлекеттин илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо саясатын майталканга, базарга айлантып алган илимий жетекчилердин коррупциялык схемаларына ЖАК көзүн жумуп отура береби? Алмаз Бейшеналиев реформатор министр катары илимий кадрларды даярдоодогу ушундай коррупциялык схемаларды жойгонго жигердүү киришет (!) деп илимий коомчулук чоң ишеним менен күтүп жаткан кези.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер