Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Жумагазиевге саясый интригалардын кесепети тийдиби?

Канат Жумагазиевге саясый интригалардын кесепети тийдиби?

08-декабрь, 21:13
878 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоо бүтөрү менен Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиев кызматынан кетти. Мыкты иштеп атты эле. Саясый интригалардын кесепети тийдиби? Бул боюнча коомчулукта ар кандай жоромолдор айтылды. Кайталабайбыз. А эң башкысы, ал чүйлүктөрдүн эсинде жаркын мүнөздө сакталып кала бермекчи.

Аныгында, Канат Жумагазиев Чүй облусун эки жарым жылдан ашык убакыт башкарып, бир топ көйгөйлөрдү чечкенге жетишкени ырас. Жаңы конуштардагы жер чатактарды тынчытып, элдин мүдөөсүнө жараша кызыл китептерин бүтүрүп берди. Облустагы суу тартыштыгын да жолго сала алды. Жалпы элдин социалдык шартын оңдоодо жигердүү иштеп, көпчүлүктүн назарына алынган эле. Инвестиция тартуудагы билгичтиги менен Чүй облусуна ири көлөмдөгү каражаттар агылып келди. Экономиканы көтөрүүдө, өндүрүштү өнүктүрүүдө демилгелүү идеялардын өтөөсүнө чыгып, көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашырды. Балабакча, мектептерди курууда да салымы зор. Кайсы тармакта жетишпестиктер, көйгөйлөр болсо, ал баарын оңдогонго далалат жасады. Айтмакчы, Чүй облусундагы административдик, жергиликтүү башкарууларга ыраттуулукту, тартипти орноткону белгилүү. Эң башкысы, эл менен жакындан иштешип, мамлекетке кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөттү. Ошондуктан, ага карата чүйлүктөрдүн урмат-сый бар экени талашсыз... 

Албетте, бул эми Канат Жумагазиевдин ишмердигине жалпысынан гана учкай баа берүү. Ток этерине келсек, экс-губернатордун эмгектерин чийип салууга акыбыз жок. Кудай буюрса, элибизге дагы далай кызмат кыларына ишенебиз!  

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер