Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай Исаева: “Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамынын максаты белгисиз”

Алтынай Исаева: “Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамынын максаты белгисиз”

29-июнь, 00:46
870 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Медиа Полиси институтунун" юристи Алтынай Исаева «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын максаты белгисиз болуп жатканын жана ал Конституцияга каршы келерин айтууда. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзамда интернет колдонуучулардын, сайттардын укуктары көрсөтүлгөн. Мыйзам бузулса, жооптуу мекеме аларды сотко чейин эле блоктоп коё алат. 


-- «Маалыматты манипуляциялоого» багытталган мыйзамдын максаты кандай деп ойлойсуз?  

-- Чындыгында, бул мыйзамдын максаты түшүнүксүз болуп жатат. Анткени, долбоордун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова да аны жакшы түшүндүрө алган жок. Депутаттар долбоор социалдык тармактагы сын-пикирлерге багытталганын айтышса, бир туруп цензура менен күрөшүүгө арналарын, кайра фейк жаңылыктарга каршы жазылганын билдиришкен. Үч башка сөздү айтып, бир багытка токтоло алышкан жок. Демилгечилердин өздөрү жазган мыйзамдын максатын так айта албаганы, “долбоор тандалма түрүндө иштеп калбайбы?” деген кооптонууларды жаратууда. Тагыраагы, фейк аккаунттарга эмес, тескерисинче, социалдык тармактарда оюн эркин билдирген катардагы жарандарга каршы иштеп калышы ыктымал.  

-- Мындай ири мыйзамды чыгашасыз жүзөгө ашыруу мүмкүнбү? 

-- Бул демилгечилердин дагы бир оркойгон кемчилиги болууда. Алар “мыйзамды ишке ашырууда каражат талап кылынбайт” деп элдин башын айлантып келишет. Белгилүү болгондой, долбоорду ишке ашыруу жоопкерчилиги маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана коммуникация департаментине жүктөлгөн. Бүгүнкү күнү департаментте он бир киши эмгектенет. Эми ойлоп көрсөңүз, мындай штат менен социалдык тармакты, интернетти кантип мониторинг жүргүзүүгө болот? Он бир адам ушунчалык көлөмдөгү маалыматтын агымын көзөмөлдөй алабы? Депутаттар айтып жаткан жалган маалыматтар менен күрөшүүгө, адамдык ресурстар, каражаттар, техникалык жабдыктар керек. Бюджеттин таңкыстыгын, кризисти эске алганда, мыйзам кантип ишке ашары түшүнүксүз. Кыргызстанда маалыматтын чын-бышыгына сот гана чечим чыгарат. Депутаттар болсо муну департамент өз алдынча аныктай тургандай шарт түзүүдө. Бул жерде Инстаграм, Фейсбук, Вотсап жана Твиттер сыяктуу тармактар туурасында сөз болууда. Департамент эч кандай тергөөнүн жыйынтыгысыз, соттун чечимисиз аккаунттарды блоктой алат. Бул сөз эркиндигин чектейт. 

-- Мыйзам Россиянын долбоорунан көчүрүлгөнү айтылууда, сиздер муну текшере алдыңыздарбы? 

-- Демилгечилер “Германия, Франция жана Улуу Британиянын тажрыйбасын эске алдык” деп айтышты. Бирок, бизде сунушталып жаткан долбоор Россиянын мыйзамынын көчүрмөсү экени талашсыз. Мисалы, Германияда мындай мыйзамдын механизми таптакыр башка. Алар жоопкерчиликти социалдык тармактын колдонуучуларына жүктөбөйт, өздөрүнө жети-сегиз тармакты аныктап алып, Инстаграм, Фейсбук, Твиттер сыяктуу гиганттар менен түз сүйлөшүп, улут аралык, жыныс аралык кастыкты козутпоо багытында гана иш алып барышат. Франция дагы аныкталган маалыматтар менен күрөшөт. Улуу Британияда болсо, ушул сыяктуу мыйзам бар, бирок ал кабыл алына элек, ушул тапта коомдук талкууга коюлуп, сын-пикирлерге кабылып жаткан учуру. 

-- Фейк аккаунттарды көзөмөлдөө, тескөө мүмкүнбү?

-- Жок, бул мүмкүн эмес. Анүчүн көптөгөн адамдык ресурс, каражат керек. Фейктерди мыйзам менен жок кыла албайбыз. Биз коомго “социалдык тармакта манипуляцияга жол ачкан, такталбаган, далилсиз маалыматтар бар” деген  түшүнүктү жеткиришибиз керек. Адамдардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу маанилүү. Бул мамлекеттик деңгээлде жүрүшү шарт. Бийлик жарандардын медиа сабаттуулугу менен алектенгиси келбей, мыйзам чегинде өзүнүн оюна туура келбеген маалыматтарды чектегиси келет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер