Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дубаланган адамдын белгилери кандай болот?

Дубаланган адамдын белгилери кандай болот?

18-март, 12:40
8 958 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сулайман ажы сыйкырланган адам тууралуу баракчасына жазып чыкты.

"Сыйкыр - бул көзү ачыктар тарабынан жасалган адамды өлтүрүүгө чейин алып барган тескери дубалар, түйүндөр жана ар кандай сөздөр.

Сыйкыр адамдын жүрөгүнө жана денесине чейин жетип, аны акылдан адаштырып, ден соолугун талкалап, жада калса өлүмгө чейин алып барат.

Сыйкырланган адамдын белгилери:

1.Үй-бүлөгө болгон мамиленин өзгөрүүсү, кичинекей нерселерге эле кыжырланып ачуулануусу;

2. Адамдын ар кандай оорулар менен ооруй берүүсү, заманбап медицина менен дарыланбаган оорулар менен жабыркашы;

3. Эмоцияны кармай албай кыйкырып, жиндилик кылып ийүүсү, жашоонун кызыгынын кетүүсү;

4. Адамдын көзүнө ар кандай нерселердин көрүнүүсү, ар кандай үндөрдүн угулуусу;

5. Ар кандай маселелердин жаралуусу. Иштин жүрбөй калуусу, машинанын бат-бат бузулуусу, акчанын, документтердин жоголуусу, иш-чараларга кечигип келүү, окуудан ийгиликсиз болуу ж.б.

Бул белгилер эң көп кездешкен белгилер, баарын айтсак сөз көп, ошондуктан дарылоого киришели.

Хиджама сыйкырды дарылоодо эң күчтүү ыкмалардын бири болуп эсептелет.

Ибн Кайиим (Аллах аны мээримине алсын) айтат: "Хиджама сыйкырды дарылоодо өтө пайдалуу ыкма. Анткени хиджама сыйкырдын кандагы калдыктарын тазалайт." (Задул маьд 4/180)

Хиджама -- бул баардык ооруда колдонулган эң уникалдуу ыкма. Өзүбүздүн практика да Аллахтын жардамы менен сыйкыр аркылуу жабыркагандарга көп пайдасын тийгизип, алардын айыгуусуна себеп болду.

Эгер сизде сыйкырдын белгилери болуп жатса же сыйкырдын зыяндуулугунан аарылууну кааласаңыз, анда сөзсүз биринчи Аллахка анан биздин хиджама борборго кайрылыңыз!"

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер