Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Керимбек Шарипов: “Таш-Дөбө айыл өкмөтү биздин укугубузду тебелеп атат”

Керимбек Шарипов: “Таш-Дөбө айыл өкмөтү биздин укугубузду тебелеп атат”

01-май, 09:00
653 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кеңсебизге Керимбек аксакал келиптир. “Жашаган жерибизге учетко албай жатышат. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок. Укугубуз тебеленип атат” дейт.

-- Керимбек ага, кандайча укугуңуз тебеленип атат?

-- Воронцовка айылында тоодон ылдый Ала-Арча суусу агат. Анын эки жээгине мурунку дачалар түшкөн. Эмне үчүн “мурунку дача” деп атам, ооба, союз учурунда эл мыктылары дача салып, демалыш, майрам күндөрү ошол жакта буттарын сууга салып, айдарым желге беттерин сылатып, шаардын буркан-шаркан ызы-чуу жашоосунан эс алышчу. Элибиз эгемен алган жылдардан тарта дачаларын сатчулары сатып, сатпагандары бирин-серин калды. Биз ошол жерден бир дачаны 4 сотых жери менен сатып алып, үй кылып жашап жатабыз. Анан ушу кезге чейин учетко тура албай кыйналып жүрөбүз. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан барсак, алар бизди учетко албай коюшту. Албагандан кийин балдарыбызды мектепке, бала бакчага киргизбейт. Ооруп калсак, эч кандай справка жок. Шайлоолордо татыктуу талапкерди шайлай албайбыз. Биздин укугубуз тебеленип атат. Бул боюнча айыл өкмөт, Аламүдүн районунун акимиатына кайрылганбыз. Алар биздин маселени чече турган түрлөрү жок. Аргасыздан сиздерге кайрылып атабыз.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер