Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Саясатка аттанган динчилдерди мыйзам чегинде токтотпосо, мамлекет коркунучта!»

«Саясатка аттанган динчилдерди мыйзам чегинде токтотпосо, мамлекет коркунучта!»

19-октябрь, 15:38
4 957 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бул жолку парламенттик шайлоого ашынган динчилдердин арбын аттанганы эмнени билдирет? Нуржигит Кадырбеков жетектеген "Ыйман Нурунда" сакалчандар, жоолукчандар басымдуу болсо, дагы Турсунбай Бакир уулу, Мыктыбек Арстанбек, Руслан Бекназаров, Төрөхан Жунусбеков сыяктуу дааватчылар чыгышты. Светтик өлкөбүзгө коркунуч жаралбайбы? Эл аралык коомчулук кандай реакция кылышы мүмкүн?” деген собол таштадык.

Асылбек Жоодонбеков, коомдук ишмер:

-- Ар бир Кыргызстандын жараны тигил же бул партияга кошулуп, шайлоого бара алат. Бул алардын шайлоого жана шайланууга биздин Башмыйзамда берилген укугу. А бирок, ошол эле Башмыйзамда “Кыргыз мамлекети светтик өлкө, дин саясатка аралашпайт” деген негизги берене бар эмеспи. Ошондуктан, бул багытында же ошол диндар адамдарыбыз кандайдыр бир ыймандуулар “бийликке келишибиз керек” деген чакырыктар менен исламга үндөө менен же диндарлыкты бетке кармоо таризинде элдин башын айлантып, саясатка катышуусу туура эмес. Саясатчыларда саясый гана максат болуш керек! Ар бир адамдын дин тутуму, ага болгон мамилеси жеке ишинде болгону оң. Эгерде диндарлыгы саясатка аралашкандан кийин, же болбосо кандайдыр бир деңгээлде даават айтууну бетине кармап алып, чоң саясатка аттануу – менимче, туура эмес. 

Гүлзат Аалиева, философия илимдеринин кандидаты:

-- Бир нече жылдардан бери «Кыргызстанга халифат курабыз» деген дүрмөт менен «Манас» эпосу баш болгон кыргыздын улуттук баалуулуктарына балта чаап, улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүнө кылмыштуу кол сала баштаган радикалдуу маанайдагы исламисттер 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоого аттанганын көрүп, эл арасында «мамлекет курган улуттун (государствообразующая нация), же кыргыз элинин жана дүйнөбий (светтик) өлкөнүн тагдыры эмне болот?» деген мыйзам ченемдүү суроолор жаралууда. Исламисттер парламентке өтөрү менен милдеттүү түрдө светтик принциптер менен улуттук баалуулуктарды басмырлаган мыйзамдарды чыгарышат. Алардын негизги максаты деле радикалдуу маанайдагы бир ууч исламисттерди бийликке алып келип, халифат курууга негиз берген шойкомдуу мыйзамдарды чыгаруу. 

Айтсак, Турсунбай Бакир уулу 1995-2000, 2000-2002, 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты учурунда светтик мамлекеттин Башмыйзамына жана «дүйнөбий (светтик) мамлекет» принцибине «чыйт» түкүрүп, 

-- Акүйдүн ичине намазканаларды ачуусу;

-- Кыргызстандын бирдиктүү элин «исламчы – мумия-теңирчи» деп жиктөөсү;

-- дипломатиялык жана эл аралык маанилүү принциптерди одоно бузуп, башка бир эгемен өлкөнүн мамлекеттик желегин демонстративдүү айрып, бравада (көпкөнчүлүк) көрсөтүүсү;

-- Кылмыш-жаза кодексине Кыргызстан акыркы 30 жылда мүшкүлдүү жол басып жетишкен демократия, светтик мамлекет жана жарандык коом сыяктуу маанилүү принциптерди муунтуп, жок кылууга багытталган 313-беренени киргизүүсү; 

-- ошондой эле «биз исламдык өлкө болгондуктан, ислам шариаты менен жашайбыз. Демек, демалыш күнү болуп жекшемби эмес, жума күнү болууга тийиш. Эркектер көп аял алышы керек» деген радикалдуу сунуштарды көтөрүп чыгуусу – жогоруда айтылгандарга ачык далил.

Биздин Конституциябыздан «дүйнөбий (светтик) мамлекет» деген сөздү алдырып салууга өзгөчө ынтызар болгон исламист Мыктыбек Арстанбек жетектеген «Нур» жана мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жоокерлери менен офицерлерин намазга жыгып жүргөн исламист Нуржигит Кадырбеков жетектеген «Ыйман Нуру» партияларынын аталышы Египеттеги «Аль-Нур» деп аталган радикалдуу маанайга жана эл аралык масштабдарга ээ исламисттик саясый партиянын аталышы менен үндөшүп турганына көңүлүңүздөрдү бургум келет

Эсиңиздерге салсам, адекваттуу дүйнө гана эмес, исламга таянган расмий Дубай колдобогон «Хамасты» биздин муфтият колдоп жүргөнү да жөн жерден эмес. Жогорку окуу жайларда геосаясат боюнча лекция окуган адис, геосаясат боюнча көлөмдүү монографиянын автору катары эмне демекчимин?

«Lebensraum» («Жашоо мейкиндиги», «Жизненное пространство») деген түшүнүккө таянган заманбап дүйнөдө радикалдуу динге, же саясатташкан исламизмге жамынып, акылы кыска бир ууч дин таратуучуларга күркүрөтө жем таштап, Афганистан, Ливия, Сирия сыяктуу потенциалы күчтүү бир катар өлкөлөрдү талкалаган күчтөр бар экени эстен чыкпасын. Ошол себептен, кечээ «Кыргызстанга Халифат курабыз» деп бүгүн светтик Кыргызстандын парламентине аттанган исламист лидерлер, эл аралык масштабда экстремисттик жана террордук катары табылган исламисттик партиялар менен үндөшкөн саясый партиялар Кыргызстандагы атайы кызматтар тарабынан милдеттүү түрдө текшерилсин! 

Светтик мамлекеттин келечегине кызыкдар болсо, анда күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдары саясатка аттанган да, аттанбаган да исламисттерди мыйзам чегинде ооздуктоо боюнча аракеттүү иш-чараларды эртең эмес, бүгүн кылсын! 

Курмангазы Азыкбаев, КР эл артисти:

-- Азыркы аттанып аткан динчилдер «Халифат курабыз» деген ниетте жүрүшөт дагы, ошо арабдын идеологиясын алып кирип, анан кыргыздын өзөгүндөгү, тегиндеги, тамырдагы келаткан терең философияны жоготуш керек болуп атат. Булар «Манасты таануу» дегенди билбейт да. Ата-тектери арабкулдар болуп калганбы? Депутаттыкка аттанып, акырындык менен парламентке кирсе, эч качан кыргызга жакшылык кылышпайт, кыргыздын сөзүн сүйлөрдөн мурда «Альхамду», «Иншаллах», «Аллах» ж.б. менен башташат. Тил учунан ыйман дешкендери менен ички дүйнөсү былгып жатат, нака бузукулар дегим келет. Экинчиден, динде жүргөндөр эч качан саясатка кошулбаш керек. Светтик мамлекет дегенди түшүнүшпөйт. Буларды парламентке келтирбегенге аракет кылганыбыз оң. БШК ушундайларды катуу көзөмөлгө алып, «силер динчилдерсиңерби?» деп бөгөт коюусу ажеп. Тиги жакка барып бирди сүйлөп, бу жакта бирди сүйлөп, жалаң арабдардын жомогун божурашат. 

Биз кыргыздын нарк-насилин, каада-салтын, ата-бабалардын изине түшүп жашасак өркүндөйбүз. Сансыз мечиттерди салышты, сыйынгандардын баары билимсиз. Манасты «ширик» деп айтып, сөгүп аткандар соо адамдар эмес, мээсине доо кеткендер. Коомду бузуп аткандар ушулар. Биз ушулардан тазаланмайын мамлекет өнүкпөйт. Кыскасы ушу!


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер