“Силердей эки жүздүү башчыларга жеке мен ишенбейм!”
Жаш блогер Замир Айылчиев өз посту аркылуу төмөндөгүдөй пикирин билдирди:
“Эмнеге Акүйдүн 7-кабатынан 1-кабатына чейинки адамдардын көпчүлүгү “Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда” дейт? Бирок, жаштарга инвестиция кылышпайт. Силерге аябай таңгалам! Өткөндө Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдук кызматына талапкерлигимди коюп, 15 пункттан турган программамды сунуштасам, кээ бир адамдар негатив ойлорунан бери жазып жиберишти. Кээ бири “атып кетем” деп коркутушту. Азыркы өкмөт жаштарга шык бергендин ордуна коррупциянын кайыгына багынып алышып жүрүшөт. Алыскы Американы айтпай эле, кошуна Өзбекстанды карагылачы, үч жылга жетпеген убакытта Мирзиёев өлкөсүн дүйнөнүн тез өнүгүп жаткан өлкөлөрүнүн сап башына коё алды. Канчалаган идеяга бай, билимдүү жаштарды “тажрыйба” дебей туруп, чыныгы эрк менен алып келип отургузду. Натыйжасын берип, Өзбекстан үчүн иштеп жатышат. Казакстанды карагылачы, өкмөтү жаштарын дүйнөнүн ТОП 1 ЖОЖдорунда акысыз окутуп, кайра өлкөсүнө тартып жатышат. Биздикилер дагы деле уктап жатасыңар! Англис тилинде эки тамганы кошуп сүйлөй албаган, пенсияга чыга турган адамдарды чет жакка толук жана ыйгарымдуу элчи кылып кетирип жатышат. Мен ойлойм, эгерде жаштардын билим потенциалын колдонбой, саясат ушул темпте кете турган болсо, Кыргызстанда экономикалык, инновациялык өнүгүү болушуна ишенбейм. Силердей эки жүздүү башчыларга жеке мен ишенбейм! Жалганчысыңар!”
"Азия Ньюс" гезити