Акыркы кабарлар
» Коом » Доллар кайра кескин көтөрүлөбү? Улуттук банктын билдирүүсү!
Доллар кайра кескин көтөрүлөбү? Улуттук банктын билдирүүсү!
06-апрель, 18:07


Учурда валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан 6-апрелге чейин АКШ доллары сомго карата расмий курсу 1 АКШ доллары үчүн 1,06 пайызга же 84,8 сомдон 85,7 сомго чейин жогорулаган. Доллар сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүп жатат.
Учурда ички валюта рыногундагы долларга болгон суроо-талап жогорулап жатканы байкалууда. Бул нерсе психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрү менен шартталууда. Улуттук банк ички жана тышкы валюта рыногундагы абалды, ага кошо өлкөдөгү соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгү жагдайды туруктуу көзөмөлдөөдө.
Эгер чет элдик валютанын куну Кыргызстанда кескин көтөрүлсө, Улуттук банк ыкчам кийлигишип, тийешелүү чараларды көрө алат. Анткени жетиштүү ресурстарга жана акча-кредит саясатынын инструменттерине ээ.










