Акыркы кабарлар
22:58
» Жанирмем » Эки адам мага үйлөнөм деп жатат, биринин да эч нерсеси жок...
Эки адам мага үйлөнөм деп жатат, биринин да эч нерсеси жок...
18-январь, 12:36

Мен 22 жаштамын. Турмушка чыгып, ажырашып кеткем. Ажырашканыма бир жыл болду. Учурда турмушка чыкканга көңүлүм жок, бирок жуучулар көп.
Менден 8 жаш улуу бала алам деп жатат. Бирок үйү, машинасы жок, айылда турат. “Үйлөнсөк Москвага кетебиз” дейт. Үйдө жалгыз кызмын, ушу жашка чейин иштеп көргөн эмесмин. Турмушка чыксам кыйналып калбаймынбы? Анан менден 12 жаш улуу дагы бирөө да алам деп жатат. Анын машинасы бар, жакында шаардан үй алат экен, бирок мага өзү анча жага бербейт...
Гүлзира