Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынбек Сулаймановду ээрчип алган Жанар Акаев партия которобу?

Алтынбек Сулаймановду ээрчип алган Жанар Акаев партия которобу?

07-май, 21:34
822 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы Алмазбек Атамбаевдин аркасынан КСДПдан депутат болгон Жанар Акаев көп өтпөй ойт берип, шефине каршы чыгуу менен оппозиция жээгине өткөн. Ар кайсы саясый күчтөрдүн сагалап жүрүп, былтыркы шайлоодо Райымбек Матраимовдун колдоосу аркылуу “Ата Мекен” партиясына кирип, бирок ийгиликтин изинен тайган. Акыры Өмүрбек Текебаевдин короосунан кылчактап, мант берип кеткенине күбөбүз. Соңку убакта Алтынбек Сулаймановду ээрчип, Баткенге кыдырып барып келди. Сыягы, күздөгү парламенттик шайлоодо “Бир Болдун” катарынан аламанга аттанып калса, таңгалбай эле койгула. Ошондо Жанар мырза саясаттагы кыска өмүрүндө улам бир топко кирип-чыгып, туруксуздугун көрсөтүп атканыбы? Дагы канча партиянын чапанын кийет болду экен?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер