Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Тажиктер менен чек арада чатак чыгып кетиши мүмкүн”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Тажиктер менен чек арада чатак чыгып кетиши мүмкүн”

13-январь, 09:00
11 510 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, коңшу тажиктер жыл жаңырары менен биздин чек арага кезектеги кол салууларын кыйыткандай болгон. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-- 2023-жылда биздин коңшу тажиктер менен баардык чек ара маселелерин, 320 чакырым боюнча эки өлкө биргеликте дипломатиялык, тынчтык жолу менен чечип албасак, ар кандай сүйлөшүүдөн, жол, суу талашуудан же башка шылтоолор менен кандайдыр бир чатак чыгып кетиши мүмкүн. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн бул өтө татаал маселе. Экинчиден, акыркы убакта Тажикстанга Батыш өлкөлөрүнөн, өзгөчө Америка Кошмо Штаттарынын былтыркы өткөн аскердик машыгуусу, алган гранттары, аларга болгон мамилеси Орто Азияда элди чочуткан маселелерди жаратышы ыктымал. Мындай учурда биз баардык жагынан, өзгөчө чек ара жагдайларын чечүүдө дипломатиялык, тынчтык жолдору менен өткөзгөнгө аракет кылуубуз абзел. Ошону менен бирге чек арадагы аскердик техникаларды, курал-жарактарды жаңылап, оперативдик чалгындоо материалдарын жогорку деңгээлде камсыз кылсак, өзүбүздү коргогонго даяр турмакпыз. Алар деле чек ара маселелери боюнча өтө татаал чыңалууну жасап жатышканы жашыруун эмес. Ошондуктан баардыгына даяр турганыбыз оң.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер