Акыркы кабарлар
» Коом » Блогер Самара Кадырова Москвада кыргыздарды уят кылып жатабы?
Блогер Самара Кадырова Москвада кыргыздарды уят кылып жатабы?
19-ноябрь, 16:05
1 569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коомго өзүн таанытуу үчүн ар кандай трюктарды жасап, видеого тартып, же ыксыз сөздөрдү жазып интернетке жүктөгөн жаштардын саны арбын.
Буга чейин өзүн блогер катары элге тааныта баштаган Самара Кадырова аттуу мекендешибиз кечээ Россиянын Москва шаарындагы метрого кирип, бетин чүмкөп, секирип, пистолет көтөрүп чуркаган видеосу элдин кыжырына тийди.
Самара Кадырова учурда Москвада жашайт. Ал түрдүү видео-вайндар менен көпчүлүктүн кыжырына тийип келет. Бул жолку видеосуна Москвадагы мекендештер “чектен ашып баратат, кыргыргыздарды уят кылбачы” деп суранып жаткан учуру.
Ал эми Самара Кадырова ал видеодо өздөрүн “крутой” көргөзгүсү келгени ачык көрүнүп турат.
Эскерте кетсек, ал чылым чегип, көчөдө кыска юбка кийип бийлеген видео-роликтерин интернетке жүктөп, коомчулуктун сынына калган жайы бар.Aryba.kg