Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз элин геноцидге тушуктургандар жоопко тартылсын!

Кыргыз элин геноцидге тушуктургандар жоопко тартылсын!

07-август, 11:09
761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кыргыз Республикасынын Агрардык партиясынын үчүнчү билдирүүсү) 

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли бир кылым аралыгында төрт жолу геноцидге учурады. Биринчиси – 1916-жылы (Үркүн), экинчиси – 1990-жылы (Ош окуясы), үчүнчүсү – 2010-жылы (кандуу июнь окуясы) жана төртүнчүсү – 2020-жылы (пандемия апааты). Алгачкы үч геноцидге күнөөкөрлөр так аныкталып, өз жазаларын албагандыктан, эми төртүнчү геноцидде он миңдеген жарандарыбыз оор азапка кабылып, эки миңдей адамдар мезгилсиз каза болушту. Азыркы геноциддин башкы күнөөкөрү, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын толук курамы бул кылымга тете кылмышы үчүн сот жообуна тартылмак турсун, учурда жыргап-куунап күздөгү парламенттик шайлоого кызуу даярдык көрүп жатат. Буга байланыштуу биз, аграрчылар, стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаевдин коронавирус илдетинин жайылышы, анын кесепети боюнча улуттук комиссия түзүү сунушун толук колдойбуз. Анын курамына коомдук жана саясый уюмдардын өкүлдөрү да кириши зарыл. Биз, Агрардык партиянын аткаруу комитетинин мүчөлөрү, ал комиссияга өзүбүздүн өкүлдү сунуштайбыз жана комиссиянын ишине жигердүү катышабыз. Албетте, учурда элдин 90 пайызы ишенбеген өлкөнүн соттору акыйкат чечим чыгарарына ишеним аз. Бирок, Кыргызстандагы сот системасынын үч деңгээлинен (райондук, шаардык, Жогорку соттор) өткөн соң улуттук комиссияда эл аралык сотко (Гаага шаарындагы (Нидерланды) кайрылуу мүмкүнчүлүгү ачылат. 


Аткаруу комитетинин мүчөлөрү:

Болоткан Кумаров, Эсенкул Алиев, Бекболот Талгарбеков, Шамил Усубалиев, Нурзаада Мурзамуратова, Сапарали Аскаров, Кубанычбек Данышманов, Жумабек Жаилов, Калил Жумабаев, Иманберди Жумалиев, Тамара Жумашева,  Качкынбай Кадыркулов, Эркин Калыбеков, Кубанычбек Кулов, Асанбек Мырзабеков, Акылбек Ракаев, Бердибек Самудинов, Жумадил Турдубеков, Ариф Халилов


Бишкек шаары, 5-август 2020-жыл 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер