Акыркы кабарлар
» Коом » Дүйнө дагы бир коркунучтуу эпидемияга кабылды
Дүйнө дагы бир коркунучтуу эпидемияга кабылды
14-ноябрь, 12:10


Угандадагы Эбола эпидемиясы Жинжа шаарында да байкалды. Өлкөдө эболадан ушул убакка чейин 53 адам каза болуп, ооругандардын саны 135ке жетти. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министри Жейн Рут Асенг Жинжа шаарында каза болгон 45 жаштагы Дэн Вайсванын тестинин жыйынтыгы позитив болгондугу тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Өлкөдө эболадан ушул убакка чейин 53 адам каза болуп, ооругандардын саны 135ке жетти.
Угандада эбола эпидемиясынын жайылышынын алдын алуу максатында мектептердин үчүнчү чейрегинин 25-ноябрда аякташы чечими кабыл алынган.
Эбола вирусу биринчи жолу быйыл 19-сентябрда Угандада аныкталган.










