Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөсү алдамчылыкка шектелген Ширин Айтматовага ким ишенет?

Күйөөсү алдамчылыкка шектелген Ширин Айтматовага ким ишенет?

23-декабрь, 01:09
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дейт. Анын сыңарындай, Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң доллар алдап алууга шектелип, камакка алынды. Эгерде факты кашкайып турса, кантип “репрессия” же “куугунтук” деп догурунасың?.. 

Буга чейин Ширин Айтматова парламенттик шайлоого карата саясый акциясын баштап, “Үмүт 2020” кыймылы менен пиар иштерин күчөткөн эле. Ал коррупцияга, кылмыштуулукка жана таза шайлоо үчүн күрөшүүгө белсенгендей түр жаратканы, иликтөөлөрү бир жактуу болгону, иш жүзүндө каралоо кампаниясын гана жүргүзүп калганы сынга кабылган. Эми карачечекей күйөөсү алдамчы болуп чыгып, кытай ишкерин сыздатып жүргөнү ашкереленди. Мунун өзү инвестициялык климатка да залакасын тийгизип атканы талашсыз чындык. “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” демекчи, мындан ары Ширинге карап түздөнүү болбой калды. Бирөөгө сын айтуу үчүн баскан изиң, колуң да таза болуш керек экенин эскертип коймокчубуз!

Негизинен алганда, бир канча убакыттан бери Райым Матраимовду каралоого алып келген Ширин Айтматова кооз роликтерди тарттырып, жасалгалуу, кымбат квартираларды көрсөткөнү коомчулукту дүрбөтүп, эки анжы ойго салган болчу. Эң ириде маалыматты ким биринчи жарыялап жиберсе, элдин маанайы ошол жакка бурулуп калары белгилүү да. Анын чын-бышыгына, аргументтүү далилдери бар экенине кызыкпаганыбыз кандай? Будамайлоонун чеги болбойбу?..

Кыскасы, Шириндин “ширеси” кускуну келтире баштаганда, аны жасалма жол менен колдоого алуу, “баатырга” айландыруу логикага сыйбайт! Ал кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп калды. Күйөөсү Сыргак Кенжебаев “жугунду” куюп кетти...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер