Акын Гүлсайра Момунова көз жумду
Кыргыз адабиятында өз орду бар акын эжебиз Гүлсайра Момунова дүйнө салды. Акын Гулсайра Момунова Ленинполь районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.
1961-1969-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жылдары «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда эле.
Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.
И.Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жазылган. 1996-жылы Түркияда өткөн Ата мекенди даңктоо ырларынын эл аралык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.