Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калдарбек Абдраманов: “Бизде каза тапкандардын 51 пайызын жүрөк кан тамыр оорулары түзөт”

Калдарбек Абдраманов: “Бизде каза тапкандардын 51 пайызын жүрөк кан тамыр оорулары түзөт”

19-январь, 19:30
473 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин өлкөдө каза болгондордун 51%ы жүрөк ооруларынан кетет экен. Төмөндө башкы кардиохирург Калдарбек Абдраманов агайдын кеңештерине көңүл буралы.

-- Жүрөк оорусунан инфаркт, инсульттан каза болгон адамдар жыл санап көбөйүүдө, себеби эмнеде?

-- Ооба, бүткүл дүйнөдө жүрөк оорулары жылда 19 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алат. 2030-жылы бул көрсөткүч 23,6 миллионго жетиши мүмкүн. Кыргызстанда оорудан каза тапкандардын 51 пайызын жүрөк кан тамыр оорулары түзөт. Жылдан жылга жүрөк оорулары көбөйүп, жашарып да баратат. Айрыкча жаштар арасында күч алууда.

Негизги себептери: өнөкөт стресс абал, тамактануу эрежесинин сапаттык жагынан бузулушу, уйку режиминин бир калыптан чыгуусу, кыймыл аракеттин азайышы, отуруп иштөө, рациондо жеңил сиңген тамактарды колдонуу – мунун баары организмге өзгөчө терс таасир берет. Кан басым жогорулап, канда канттын көбөйүшү да майыптыкка, эрте өлүмгө алып келүүдө. 

-- Инфаркт кантип пайда болоруна токтоло кетсеңиз? 

-- Жүрөктөн чоң тамыр чыгат, ал тамыр дагы чоң эки тамырга бөлүнүп кетет. Алар жүрөктүн оң тамыры жана сол тамыры деп аталып, жүрөктүн өзүн кан менен камсыз кылып турат. Мына ушул кан тамырларда жогоруда айтып кеткендей холестерин пайда болуп, улам чогула берет. Ошол жерге чейин кан жакшы келет да, жүрөктүн андан аркы бөлүгү кан менен жакшы жабдылбай, такыр кан барбаган жерлери ирий баштайт. Жүрөктүн иштен чыккан жерлери чоңойгон сайын өзүнүн белгилерин берет. Бул учурда адамдын жүрөгү кысылып, басып бараткан жеринен токтоп, энтигип же чарчап калат. Бул көрүнүш стенокардия деп аталат. Эгер кан тамырдын жарымы же толук жабылып калса, анда ал инфаркт. Бул учурда жүрөк кан тамырынын нормалдуу иши иштен чыгат. Ал иштен чыккандан кийин кайра ордуна келбейт. Демек, токтоосуз жардам керек болот.

-- Көңүл бура турган белгилерин айтсаңыз?

-- Көкүрөктүн ортосу, тагыраагы, төш сөөктүн асты же жүрөктүн тушу капысынан катуу ооруйт. Жүрөктүн кагышы ылдамдап, жүрөк сайгылашып, кысылат. Көкүрөк ысып чыгат да, адамды кара тер басып, кыймылдоо кыйынга туруп калат. Тери кубарып, адам бопбоз болуп калат. Айрымдарынын жүрөгү айланып кусат, сүйлөй албай алы кетет, колу-буту эч нерсени сезбейт. Оору катуу кармаган учурда бир азга тыныгуу жасап, тынч жатуу керек. Дары кутучасындагы өзү ичип жүргөн дарыны берүү зарыл. Бейтап дайыма доктур жазган дарыларды жанына ала жүрүүсү кажет. Эгер оору көчөдө жүргөндө кармаса, ошол жерде жүрөктүн сыгылганы бошогончо баспай күтө туруу керек. Жүрөк оорулары өмүргө өтө коркунучтуу жана кооптуу. Бирок бүгүн алар менен күрөшүүнүн таасирдүү жолдору, ыкмалары бар. Коркунучтуу жүрөк оорулары бар адамдар убагында жардам алса, жашоону он жылдап уласа болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер