Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » А.Анапияевди өлтүрүүгө шектүү Г.Абилазизов Омск шаарында жүргөнү айтылууда

А.Анапияевди өлтүрүүгө шектүү Г.Абилазизов Омск шаарында жүргөнү айтылууда

07-август, 11:46
410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы Алманбет Анапияев Минск шаарында каза тапкан. Андагы ИИМ көз будамайлап, логикага сыйбаган маалыматтарды таратканы эсибизде. Эки анжылык, арсар маанай жаралган. Буюртма өлтүрүү дыкаттык менен уюштурулуп, күч органдары аралашкан беле? Көз карандысыз эксперттердин, кылмыш иликтөөчүлөрдүн баамында, Алманбет Анапияевди өлтүрүүгө ашпозчусу Гүлжигит Абилазизов негизги шектүү катары сыпатталып, бирок, агездеги министр Мелис Турганбаев башында турган пиарщиктер ага башкача боёк беришкен. Бир канча убакыт Гүлжигитти Кыргызстанда жашырып жүрүшүп, жасалма паспорт аркылуу аты-жөнүн өзгөртүп, чет өлкөгө качырышканбы? Учурда ал Омск шаарында баш калкалап жүргөнү айтылууда. Эгерде УКМК, ИИМ бул иштин артынан түшүп, жаңы жагдайларды көтөрүп, Омскиден береги эргулду алып келип, дыкат суракка алышса, көп сырлар ачыкталабы? Бул боюнча тийешелүү органдын кызматкерлери деле көмүскөдө эмне болгонун билишсе керек, андыктан, буюртма адам өлтүрүүнүн бетин ачуу үчүн Гүлжигит Абилазизовду калыстык үчүн сураш керек. Колго түшсө баарын айтып бериши мүмкүн. Бир канча генералдар, полковниктер камалып кетишеби? Эмне үчүн учурдагы бийлик бул ишке ынтызар болбой атат? Оор кылмышка аралашкан, буюртма берген мамлекеттик деңгээлдеги экс-чиновниктердин беттери ачылышы мүмкүн... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер