Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөттүн 2020-жылы Кыргызстанды өзгөртүү боюнча убадалары (тизме)

Өкмөттүн 2020-жылы Кыргызстанды өзгөртүү боюнча убадалары (тизме)

29-ноябрь, 09:22
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-2020-жылдардын бюджетин бекитүү мыйзамы каралып жатканда кийинки жылы жасала турган иштер боюнча маалымат берди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 200гө чукул билим берүү мекемеси курулуп жана оңдоодон өтөт. Анын ичинен 17 авариялык мектептин ордуна жаңысы курулуп, Сауд Аравиясынан келген каражатка дагы 29 мектеп салынат.

Өкмөттүн убадалары төмөндөгүдөй:

  • 150 мектепти куруу жана оңдоодон өткөрүү;
  • 15 бала бакча салуу;
  • 117 айылды таза суу менен камсыздоо;
  • Каналдары талкаланып, арыктары тосулган 18 миң гектар жерди ишке киргизүү;
  • 1,5 миң гектар жаңы сугат жерди пайдаланууга берүү;
  • Жер-Үй алтын кенин толугу менен ишке киргизүү;
  • 280 миллион долларлык логистикалык борбор куруу;
  • Терек-Сай айылына 100 миллион долларлык алтынды кайра иштетүүчү фабрика салуу;
  • Ош шаарындагы жеңил өнөр жай фабрикасын толугу менен ишке киргизүү;
  • Нарынга кыргызстандык ишкер 120 миң долларга 100 мегаваттык ГЭС курат.

Абылгазиев мунун баары республикалык бюджеттен жана донорлордон келген каражаттын эсебинен жасаларын билдирди. Жергиликтүү бийликтин бюджетинен жасалчу жумуштар жогорку тизмеге кирген эмес.

Aryba.kg

  


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер