Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Базарбай Мамбетов: “Алсыз лидерлер менен кризистен чыга албай келебиз”

Базарбай Мамбетов: “Алсыз лидерлер менен кризистен чыга албай келебиз”

11-октябрь, 07:18
1 272 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кризистен чыгуу үчүн биздин алтын кендерден кандай мүмкүнчүлүктөрдү алсак болмок?

-- Акыркы жылдары өлкөнү башкарган интеллектуалдык элита мурдагы президенттердин артында калган экономикалык жана башка кризистен алып чыга алган жок. Эмне себептен? Кыргызстанда баардыгы бар болчу. 40тан ашуун келечектүү алтын кендери, тоо дарыяларынын чексиз агымдары, кубаттуу ГЭСтер, Советтер союзунда курулган заводдор жана фабрикалар, арзан жумушчу күчү, адамдык потенциал жана башкалар. Жалпылап айтканда, бизде өлкөнүн кризисинен чыгуу үчүн чечкиндүү чараларды көрө албаган, ар дайым өлкөнүн башында алсыз лидерлер болду. Эл аралык эксперттер “Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болуп, эл аралык финансы институттарынын жана донор өлкөлөрдүн жардамысыз жашай албайт, өнүкпөйт” деп айтышат. Мисалы, чет өлкөлүк компанияларга иштетүү үчүн өткөрүлгөн 27 алтын кенинин баарын иретке келтирүү бизди ойлонтпойт. Кеп Кемин районундагы Талды-Булак, Левебережныйдан башталып, Чоң-Алай районундагы Кара-Казыкка чейин созулган алтын кендери жөнүндө болуп жатат. Орто Азиядагы дээрлик баардык алтын кендери бизде жайгашкан. Өлкөбүз 1984-жылдан бери курулган кичинекей Камбар-Ата – II ГЭСин бүтүрө албай, бизге керектүү болгон электр энергиясын Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан сатып алганы жатат.

-- Кечээ эле биз энергияны жетиштүү алчу элек, бүгүнкү абалчы?

-- Ооба, жетиштүү алып, өзүбүздүн электр энергиябызды Борбор Азиянын баардык өлкөлөрүнө жеткирип турчубуз. Бийлик элитасы 2016-жылдын январында Россия Федерациясынын кредиттик акчасына курулуп жаткан Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушун токтоткон. 

Акыркы убакта “чын эле биз Чүй өрөөнүнүн кызылчачыларынын сүйүктүү жумуштарына кайтып келиши үчүн эч нерсе кылбайбызбы? Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай транзиттик темир жолун Россиянын темир жолдору менен курууга, Россия өкмөтүнөн кредит алып, анын астында 50 миңден ашуун жарандарыбыз жана ондогон атамекендик заводдор курулушта иштей ала турган деңгээлде эмеспизби?” деген жоопсуз суроолор кыйнайт... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер