Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ислам динин чала молдолор бузуп, элдин кыжырын кайнатууда”

“Ислам динин чала молдолор бузуп, элдин кыжырын кайнатууда”

04-март, 09:00
506 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Коомчулукта, интернет айдыңында диний талаш-тартыштар күчөп, ислам менен кыргызчылыктын карама-каршылыгы талкууланып, асересе курчуп бараткандай. Эмне үчүн мамлекеттик органдар тескөөгө алышпайт? Жол көрсөтсө болбойбу?..

Меңди Мамазаирова, акын:

-- Кудайга жетчү жол миң, ал эми улуу Жараткан бирөө. Бирок, ар бир улут өзүнө гана тийешелүү салты, наркы, карманган диний ишеними, эн белгилери менен улут. Социалдык тармактардагы жогорудагыдай талаш-тартыштар, талкуулар, айрым бир адамдардын эмоциялуу чыңалууларын дагы күчөтүүдө. Диндин да түрү көп. Ар бир улут өз динин карманганы туура. 

Учурда ислам дини менен кыргыз нарк-нускасынын тиреши, албетте, айрым жеке адамдардын туура эмес көз карашы, жоруктарынан натыйжасы деп ойлойм.

Бардык диндерди сыйлоо менен ислам дининин артыкчылыгын, тазалыгын белгилегим келет. Менимче, ислам динин чала молдолор бузуп, элдин кыжырын келтирип, бүйүрүн кызыткан ар кандай кырдаалды жаратышууда. Бул көрүнүштү мамлекеттик тийешелүү органдар өз учурунда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тескеп, бир нукка салышы керек. Антпесе, ар ким билген намазын окуп, натыйжасы бөлүнүп-жарылуу так ушул жерден башталат жана олуттуу окуяларга алып барат. Айтайын дегеним, дин башкаруучулары, мамлекеттик тийешелүү органдар бул көрүнүшкө олуттуу көңүл буруп, бир багытка салуусу, тескөөсү өтө зарыл. Мындай ишке айрыкча өсүп келе жаткан жаш муун муктаж. Аларга аба менен суудай керек болуп турат. Али дүйнөтаанымы калыптанып бүтө элек муун түшүнүп-түшүнбөй, ар кимдин үгүтүнө ойлонбой бой уруп кирип баратышат. Бул көрүнүш күчөп отурса, коом орду толгус окуяларга дуушар болот. Ошондуктан тийешелүү органдар тез кыймылдап, коомдун негизин, келечегин түзгөн жаш муунга камкор мамилени тартуулап, ачык, так багытты көрсөтүү зарылдыгы туулуп турат.

Кеңешбек Айтикеев, серепчи:

-- Мен дагы бул маселени жөнгө салуу үчүн дин иштери боюнча агентке “коомчулукту ынтымакка келтирип, жөнгө сала турган адамды койгула, болбосо эки жактын эрегиши күчөп баратат” деп мамлекеттик катчыга бирөөлөр аркылуу кайрылуу жолдогом эки-үч күн мурун, жообун күтүп отурам. Мамлекет тарабынан көзөмөлсүз калды, жетекчилерибиз да динге байланып калышты. Бул жогору жактан колго алса эле жөнгө түшө турган маселе.

Дин маселесин мамлекеттик катчы, дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик коомдогу болуп жаткан окуяларды эске алып, тийешелүү жол-жобону иштеп чыгып, жөнгө салса болот. Конституциянын алкагында эле иш жүргүзүп, коомдогу окуяларга калыс баа берилсе, чечкиндүү аракеттер болсо, баары мыйзам чегинде жашап калмак. Тилекке каршы, андай болбой, радикал исламчыларды колдоо күчөп, улуттук баалуулуктарды көтөргөн адамдарга куугунтуктоо болуп жатпайбы! Жөнгө салынбай турган нерсе жок, жолго салса болот.

Замир Казакбаев, серепчи:

-- Доор кайталанып турат экен. Ислам дини кыргыздарды Кокон хандыгы учурунда кырбады беле? Ал учурда кылыч менен коркутса, азыр аң-сезиминен ажыратып жатат.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер