Акыркы кабарлар
22:58
» Экономика » Өлкөдө 2800 үй-бүлөгө ишкерлик баштоого 100 миң сомдон берилди
Өлкөдө 2800 үй-бүлөгө ишкерлик баштоого 100 миң сомдон берилди
23-ноябрь, 12:00

Республика боюнча 2800 жакыр үй-бүлөгө "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сом өлчөмүндө каражат берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Белгиленгендей, грант аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик баштоо менен жакырчылыктан чыгуу максатында берилген. Долбоордун катышуучулары айыл чарба, кызмат көрсөтүү, тигүү иши, үй чарбасы жана соода тармактарында ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүп жатышканы маалымдалды.