Акыркы кабарлар
» Коом » Каракол шаарынын мэри Талант Иманов элдин нааразычылыгын жаратканда
Каракол шаарынын мэри Талант Иманов элдин нааразычылыгын жаратканда
09-май, 14:51


Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов “Өлбөс полктун” маршында элди бир саат күттүрүп, нааразычылык жаратканы жарыяланды. Ысыктан айрымдар кулаганы, акаарат келтирилгени соцтармакка тарады го? Көрсө, ал орус ырчысы Николай Басков менен жүрүп алып, кечигип келиптир. Талант Имановго элдин сыйы болбосо, ким менен кошоктошсо да бир тыйын эмеспи, туурабы? Убагында бул эргулга кыйла сын-пикирлер айтылып, “Ширшовдун шопуру” катары жек көрүнбөдү беле? “Кар жаады, из басылды” дегендей, эми Караколдон мэр катары чыга калганын көр! Элден жеме угуп атса, алыс узабайбы? Эрксизден жылмаясың...











