Акыркы кабарлар
22:58
» Жанирмем » Күйөөм кылыктанган ойношуна ооп баратат, айлам кетти
Күйөөм кылыктанган ойношуна ооп баратат, айлам кетти
14-май, 21:00

Мен 30 жаштамын, үч баланын энесимин. Бирок биздей очор-бачар үй-бүлөгө мүшкүл түштү. Ишенчээк, ак көңүл жолдошумду бир келин азгырып, башын тегеретип бүтмөй болду. Ал турмушубузга пайда болгону чатагыбыз көбөйүп, үйдүн ырыскысы, куту качты. Жолдошум ишенчээк, колу ачык адам. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы эле, билишимче, тиги келин калп сүйлөп, болушунча күйөөмдүн башын тегеретип, акча алгандын кыныгын таап алыптыр. Ошого жараша кылыктанып, баарын жасап берет экен... Айлам кетти. Эми күйөөмдү ошол ойношунан кантип ажыратсам болот?
Нуркыз
"Азия Ньюс" гезити