Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтобай Маанаев: “Кыргызстанда пандемияны изилдей турган микробиологиялык эч бир институт жок”

Токтобай Маанаев: “Кыргызстанда пандемияны изилдей турган микробиологиялык эч бир институт жок”

03-июль, 17:52
1 760 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Токтобай мырза улуттук госпиталдын башкы дарыгери болгонуна бир жылдын жүзү болуп калды. Буга чейин болуп келген көйгөйлөрдү өз көзү менен көрүп, тийешелүү чараларды өз убагында жасоо менен госпиталда кадыр-баркы өтө жогору. Сөз учугун улап, учурдагы адамзатына эң коркунучтуу бүткүл дүйнөлүк пандемия жөнүндө баарлаштык. 

-- Токтобай мырза, сиз жетектеген улуттук госпиталда бүткүл дүйнөлүк пандемияга каршы кандай иш-чаралар жүрүп жатат?

-- Улуттук госпиталдын ковидге карата даярдыктары абдан жакшы. Алдын ала 350 койкалык борбор ачкам. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө 381 бейтапка жетти. Анын 202си оор абалда. Демек, бейтаптардын акыбалы оорлоп атат. Элди талаага калтырган жокпуз. Дагы 120 койканы нейрохирургиялык корпуста ачып атам, кечке чейин ачылып, даяр болуп калат. СИЗден эч проблема жок. Дары-дармектердин баары жетиштүү. Кадр маселеси деген бар. Эртең менен жумушка келип, өзүм да абдан ыраазы болдум, эндокринология бөлүмүндө иштеген биздин кызматкерлердин баары “жардам кылалы, иштейли” деп атканына. Кычкылтек концентратордон миңге жакын бар. “Сипап” жана “Бипап” аппараттары бизде бар, ал жагынан эч ойлонгон жокмун.

-- Ошентсе да көйгөйлөр жок эместир?

-- Эми менин бир гана көйгөйүм: эл түшүнүп, вакцинациядан өтүүсү керек. Каалайбызбы-каалабайбызбы, башка жол жок. Элдин көпчүлүк бөлүгү вакцина алса, анда ооругандар да азаят. Адамда иммунитет болуш керек. Эгер артка бир кылчайып карасак, аркы кылымдын 20-жылдарында инфекциялык оорулар болгон. Натуралдык оспа, кара тумоо, корь, ж.б. Алардын баарын вакцина менен жеңбедикпи! А бүгүн “вакцина албайм, ойлоном” деп атышат. А ойлонгуча эле адамдар кырсыкка учурап калып атпайбы. Дагы бир жолу айтам, дүйнө жүзүндө болуп аткан пандемияга каршы бир гана жол бар – санитардык-эпидемиологиялык режимди сактап, вакцина алыш керек! Анан убагында врачтарга кайрылыш керек. Баардык протоколдор боюнча дарылоону врачтар билет. Өкмөт болушунча акчасын берип атат. 

-- Вакцина демекчи, биздин Кыргызстанга кайсы вакциналар келди? Алардын эффективдүүлүк жагына токтоло кетсеңиз?..

-- Биз Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иштеп чыккан эрежелерин сактаганыбыз оң. Ансыз биз өзүнчө мамлекет боло албайбыз. Жеке өзүм синафармды алгам. Жеке эле мен эмес, карамагымдагы кызматкерлердин баары алышкан. Андан кийин Россиянын Спутник-V, AstraZenaka ж.б. чыгып атат. Кандай болгон күндө да вакцина – бул шанс. Бирөө 95% дейт, бирөө 70% дейт. Ушулардын арасынан синафармды көптөрү мактап атышат. Анткени 80ден ашуун мамлекет колдонду. Ал эми Спутник-V вакцинасын 65-70 мамлекет колдонгону боюнча маалымат бар. Бизде азырынча ушу эки эле вакцина бар болуп, калгандары келген жок. Колдо барларды алып туруш керек.

-- Июль айы башталып-башталбай эле ковиддин 3-толкуну башбакты көрүнөт. Бизде азыр кайсы штаммы өкүм сүрүүдө?

-- Кечээ эле Санкт-Петербургдагы илим изилдөө институтунун илимпоздору “Кыргызстанда англиялык штамм бар” деп айтып атышат. Канчалык негиздүү экенин биле албайбыз. Анткени, Кыргызстанда пандемияны изилдей турган микробиологиялык эч бир институт жок. Өкмөттөн өз убагында каржылоо болгон эмес. Ошон үчүн ар убакта чоң мамлекеттерге көз каранды болуп атабыз. 

-- Дары-дармек таңкыстыгы быйыл болбойбу?

-- Гепарин дарысы өткөн кылымда эле канды суюлтуучу дары катары колдонулган. Азыр деле эң эффективдүү дары бойдон калууда. Былтыр клексан, гепарин ж.б. дарылардан бизнес кылышты. Учурдагы протоколго тийиштүү дары-дармектердин баарын апкелдик. Бу жагынан таңкыстык болбойт деп ойлойм. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер