Дүйшөнбек Камчыбеков: “Эл аралык уюмдар уран кенин иштетүүнү үгүттөп атышат”


Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек мырза кесипкөйлүгүнө жараша учурдагы маселелер боюнча суроолорубузга жооп берди.
-- Жакынкы күндөрдө эле тоо-кен тармагы боюнча абдан чоң эл аралык форум болуп өттү. Бул тармактын келечеги боюнча кандай пикирлер, максат, пландар айтылды?
-- Тоо-кен тармагына байланышкан чоң эл аралык MINEX форуму болуп өттү. Бул форумга биздин кыргыз жергесинде жайгашкан чоң мекемелерден сырткары, Казакстан ж.б. өлкөлөрдөн да өкүлдөр келип катышты. Америка, Англия өлкөлөрүнүн элчилери катышканы да өзүнчө статус берди. Аталган иш-чарада жалпы тоо-кен тармагы боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат, анын негизги булактары болуп эсептелген экономикалык көз караш, кыргыз жергесинде кандай кен байлыктар жайгашкан, ал долбоорлор жүзөгө ашабы? Кыргызстандагы тоо-кен тармагында иштеген мекемелер өздөрүнүн экономикалык салымдарын көрсөтө алышабы? Ушуга жараша социалдык маселелер чечилип жатканы тууралуу экономика министринин маалыматы айтылды. Андан сырткары, жаратылыш ресурстары министри да кен байлыктар жана алардын кандай түрлөрү менен келечекте иштешсек болору жөнүндө сунуштарын айтты. Кумтөр кенинин жетекчиси, “Кыргызалтын” мекемесинин өкүлү, өлкөбүздө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытайлардын “Алтынкен” мекемесинин жетекчиси жана “Бозумчакты” иштетип жаткан казак компаниясынын өкүлү, “Эти Бакыр Терек-Сай” ишканасын иштеткен түрк компаниясынын башчылары да иштери тууралуу маалымат беришти. Мындайча айтканда, бул тажрыйба, пикир алмашуу иш-чарасы болду. Келген коноктор Кумтөр кенине чейин барышып, аябай кызыктуу маалыматтарды алышты.
Бул иш-чара аркылуу биз тоо-кен тармагында кандай жол менен бара жатканыбызды, анын келечегин жана мыйзам талаасындагы өзгөрүүлөрдү байкап, бизге келген инвесторлор канчалык деңгээлде экологияны бузбай туура жолдо баратканын жана социалдык маселелердин чечилүү жагдайына көз салып, туура жолго үндөп турушубуз зарыл. Мындай эл аралык деңгээлдеги форумдар ар кайсы өлкөлөрдө уюштурулуп турат. Биздин алган маалыматыбыз боюнча кийинки эл аралык форум Европа өлкөлөрүнүн биринде күз айларында өткөрүлүшү мүмкүн.
-- Уранды иштетүү боюнча кандай жаңы иштер жүрүүдө? Эл аралык пикирлерге таянсак болобу?
-- Уранды иштетүү боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Биринчиден, массалык маалымат каражаттары аркылуу талкуулар жүрүүдө. Биз геолог, тоо-кен инженери болгон соң, кайсы кен табылбасын кубанабыз. Иштетүүнүн жолдорун айтышыбыз керек, бирок ошол эле мезгилде тийешелүү экспертизалардан өтүшү зарыл. “Иштетсе болот. Эң негизгиси, экологиялык көйгөйлөр жаралбайт” деген жыйынтыктоочу пикирлерин билдиргенден кийин гана киришүү абзел. Уранды иштетүүдө дүйнөлүк кээ бир уюмдардын пикирлери айтылууда. “Магате” деген чоң уюм бар. Жакында эле ошонун эксперти Бойцов дагы өз пикирин билдирип кетти. Ал “Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар” деген пикирин айтты. “Кыйынчылыктар жаралбайт” деген пикирин түздөн-түз айткан жок. “Сөзсүз түрдө катуу көзөмөл жүргүзүүнүн негизинде иштетиш керек” деген пикирин билдирди.
Биз дагы адис катары өз сунуштарыбызды айтып келебиз. Экономикалык пайда бар, бирок “миллиард долларлар түшөт” дегенден кичине алысыраак болушубуз керек. Себеби, тоо-кен тармагы өтө татаал. Экономикасы да катаал. Бирок уран, торий кени, сейрек кездешүүчү металлдар бар экенин эске алып, ошонун үстүндө дыкат иш жүргүзө берүү зарыл. Иштетилсе, экономикалык көп жагдайлардын чечилишине өбөлгө болот.
-- Сиздердин ассоциация “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен тыгыз кызматташып келет. Алардын жаңыча жүргүзүп жаткан иштери, жакшы план максаттары тууралуу ой бөлүшүп келесиз. Интернет желелерде “Кыргызнефтегаздын” атын жамынган рекламалар жайылууда. Булар боюнча да оюңузду уксак?
-- “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен биздин ассоциация эки жылдан бери тыгыз иштешип келүүдө. Бул мекеме чоң ийгиликтерге жетишүүдө. 2024-жылдын жарым жылдык жыйынтыгында 85 миң тоннадан ашык нефть, 14 миллион кубдан ашык газ өндүрүлүп, былтыркы ченем пайыздан ашырылганы жакшы нерсе.
Интернет желелеринде президентибизди баш кылып, “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен чоң пайда тапсаңар болот” деп жалган маалыматтарды таратышып, акча тапкан шылуундар бар экен. Ошонун үстүндө тийешелүү структураларга кайрылып, жалган маалыматтардын жолун бөгөп тыюучу иштер жүргүзүлүүдө. Бир эле “Кыргызнефтегаз” ишканасы эмес, башка тармактарда да калпыстыктарды тараткан шылуундар көбөйүп баратат. Тийешелүү органдар мындай маалыматтарды тезирээк текшерип, чара көрүүсү шарт.
"Азия Ньюс" гезити











