Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Коррупцияны азайтууда кадр маселеси чоң ролду ойнойт”

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Коррупцияны азайтууда кадр маселеси чоң ролду ойнойт”

20-январь, 12:29
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтогул агай, Акылбек Жапаров кетти, эми экономикабыз солгундап кетиши ыктымалбы? 

-- Биздин мамлекетте өкмөт башчылары 30 жолу алмашылды, эч ким иштин да, социалдык абалдын да өзгөргөнүн сезген жок. Акылбек Жапаровдун кетиши экономиканын абалына түз таасир этпейт, анткени өнүгүү программасы түзүлгөн. Бирок генерал Камчыбек Ташиевдин айтуусуна караганда, кандайдыр бир кемчилик болгон. Маалыматтар расмий түрдө аныкталмайынча, божомолдоп айтуу туура эмес да. Экономиканын абалы жалпы дүйнөдөгү каатчылыкка да байланыштуу. Анткени дүйнөлүк каатчылыктын таасири бизге да тийүүдө. Экинчи жагынан, кадрлардын деңгээлинин төмөндүгү да мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болуп атат. Ошондой эле коррупция менен күрөш курчуп жатканы менен экономикадагы чоң кылмышкерлердин басымдуу бөлүгү бийликке жакынчылыгы бар жаш муундар... 

-- Коррупцияны ооздуктаган мыйзам уурулардын кендирин кесе алабы? 

-- Коррупцияга каршы багытталган мыйзамдар мамлекет тарабынан даярдалган. Демек, укук, көзөмөл, оперативдүү тергөө органдарынын иши десек болот. Бирок Конституция рыноктук принциптерди коргойт. Азыркы коррупцияга каршы турган мыйзам дүйнөлүк практиканын жолуна түштү, оор жаза, жеке менчиктен ажыратуу, жакын туугандарын, балдарын мамлекеттик иштен четтетүүлөр каралган. Коррупция көмүскө рыноктун кожоюну, "беловоротничковый" кылмышкерликтин штабы. Менимче, коррупцияны азайтууда кадр маселеси чоң ролду ойнойт. Мисалы, беш жыл мурунку Кумтөр, ушуга окшогон компаниялар... 

-- Бишкек кыш келсе эле ышга чулганат. Ышты жок кылуунун жолу барбы?

-- Бишкек шаары Совет доорунда 800 миң жашоочуга долбоорлонгон. Эл эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, мамлекет базар экономикасына өткөндөн кийин шаардык жана аймактык экология маселесин чечүү каражаттын айынан экологиялык стандарттарды сакташ татаал иш болуп калды. Өнүгүп келе жаткан базар экономикасы Чүй өрөөнүндө ички миграцияны күчөттү. Бишкектин тегерегинде көптөгөн жаңы конуштарды жаратты. Алар газ, электр энергия менен толук жабдылган жок. Конуштагы жашоочулар ар кандай отун пайдаланышат. Жакынкы эки жылдын ичинде ташкөмүр менен кенен мамлекеттик баада жабдылды эле, түтүн, ыш күчөдү. Бишкек шаарынын жашоочулары бүгүн 1,5 миллионго жетти. Алардын колунда бир миллиондон ашык автоунаалар бар. Булардын да түтүндү күчөтүүдө салымы чоң. Бул маселени чечкенге экологияны коргоо мекемеси, МЧС, санитардык кызмат, илим жагынан экология институттары бар. Булардын көз караштарын илимий жактан карап, ышты жок кылуунун жолун табууга аракет кылса туура болот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер