Аттокуровдун элди дүрбөлөңгө салган ой-пикирине элчилик жооп кайтарды
Экс-посол Раимкул Аттокуровдун Кыргызстандын Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу айткандары боюнча Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин пресс-кызматынын комментерийи
Экс-посол Раимкул Аттокуровдун “Правда.ру” порталына берген интервьюсунда “Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу маселенин талкууланып жаткандыгы” тууралуу айткандары боюнча Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын кайрылуусуна байланыштуу, элчиликтин пресс-кызматы мындай пикирди билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок экендигин билдирет.
Раимкул Аттокуров Россия Федерациясынын жараны экендигин жана ал жеке адам катары өзүнүн жеке пикирин билдиргендигин баса белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын расмий позициясы төмөндөгүчө:
-- Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, орус тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес, расмий тили болуп саналат.
Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясый багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз. Ошону менен бирге кыргыз-россиялык мамлекеттер аралык мамилелер өз ара сый, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо нугунда динамикалуу түрдө өнүгүп жатат.
Биздин элдерди жалпы тарых, евразиялык руханий баалуулуктар бириктирет, Кыргызстан жана Россия ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш болуп саналышат.
Элчилик коомчулукту, кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлерин элди дүрбөлөңгө салуучу мүнөздөгү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүчү ой-пикирлерин коомго жарыялоодон алыс болууга чакырат.