Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бүбүсара Исакова: “Үй шартында кызылчанын жана сабиздин ширелерин алма-салмак эртең менен бир стакандан ичип турган оң”

Бүбүсара Исакова: “Үй шартында кызылчанын жана сабиздин ширелерин алма-салмак эртең менен бир стакандан ичип турган оң”

24-ноябрь, 13:42
1 373 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бүбүсара айым, көп жылдардан бери дары чөптөрдү колдонуу менен бейтаптарды айыктырып келесиз. Бүгүнкү күндө сизге кандай илдетке кабылган адамдар келүүдө?

-- Азыркы убакта мууну ооруган апалар, аталар келүүдө. Алардын сөөктөрү кыйшайып кеткен. Өнөкөткө айланып, артритке кабылган бейтаптар дары-дармектерин алганда оору бир аз басаңдап, ошо бойдон жүрө беришет. Убакыттын өтүшү менен кайра бул оору козголот. Кээ бирлери басалбай калышат. Ошолорду сиз айткандай дары чөптөрдүн жардамы менен айыктырып атам, жакшы жыйынтык берүүдө. 

-- Дары чөптөр кыргыз жергесиндегилерби же башка жактан атайын алып келесизби?

-- Сырттагы климатта өскөн чөп бизге жардам бербейт. Өзүбүздүн эле Суусамыр, Алай, Кара-Кулжа, Ат-Башынын жайлоолорунан терип келем. Аны да чөптөрдүн бышкан убагында, дарычылык касиети күчүндө турганда чогултам. Апкелип өзүнүн ыгы менен кургатабыз. 

-- Азыр жөтөл күч алды. Үй шартында кантип дарыланса болот?

-- Жөтөл ысыктан же сууктан жана вирустан болот. Токтобой жөтөлгөн ысыктан. Диета кармап, үй шартында солодка (кызыл мыя тамыры) деген чөптү демдеп, тундурмасын ичсе көкүрөктөгү какырыктар жакшы суурулуп чыгат. Аптекада толтура. Албетте, эгер өтүшүп кетсе дарыгерге эле кайрылган оң. 

-- Элүүдөн ашкан айымдар эркектен качып калат дешет, бул табыгий көрүнүшпү?

-- Аялдардын эркектерден качып калганы гормоналдык бузулуу, климакс жана организмге керектүү витаминдер жетишпей калат. Ошон үчүн ар бир адам курагына карабай дары-дармекке басым жасагандан көрө нукура азык-түлүк, тамак-аштарды ичиши керек. Муну да үй шартында кызылчанын жана сабиздин ширелерин алма-салмак эртең менен бир стакандан ичип турган оң. Бул жанагы кымбат баалуу БАДдардан бир топ жогору турат. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер