Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дональд Трамп жаңы дүйнө түзүмүнө кандай таасир этет?

Дональд Трамп жаңы дүйнө түзүмүнө кандай таасир этет?

17-ноябрь, 22:00
671 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШда үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында дүйнөнү “дүңк” эттирген саясый окуя болду. Анткени, белгилүү бизнесмен, миллиардер жана өлкөнүн 45-президенти Дональд Трамп баардык саясый божомолдорду жазгырып, көпчүлүк оппоненттеринин “тилегин таш каптырып”, АКШнын 47-президенти болуп бакыйып шайланып алды. Ооба, ал азырынча “шайланган президент” деген статус менен жашап турат. Американын Конституциясы боюнча жаңы шайланган президент такка кийинки жылдын 20-январында гана расмий отура алат. Эски жана жаңы президенттик администрациялар бийликти өткөрүп берүү процедуларын көздүн карегиндей сактап иштешет. Андан соң 2,5 айдын ичинде биринен экинчисине президенттик бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп беришет. Ал эми дүйнөлүк саясый истеблишмент болсо аналитикалык талдоо менен алек. Биринчи эле Дональд Трамптын бийликке кайтып келиши – бул америкалык саясаттын өзүндө кардиналдык өзгөрүүлөр болот деген ишенимге жатат. Анткени, Джо Байден башчылык кылган “Демократтар” партиясынын 4 жылдык бийлиги жалпы эле жер шарын ары-бери калчаган, шойкомдуу саясатка кептеп койду. Бул пикир дүйнөлүк калибрдеги ири саясатчылардын жана аналитик-окумуштуулардын биргелешкен тыянактары (!) деп ишенимдүү айтабыз. Мисалы, Россия–Украина–НАТО кандуу кагылышы, Жакынкы Чыгыштагы кыргын, Тайвандын айлана-чекесиндеги кооптуу жагдай, хуситтик Йемендин мурда болуп көрбөгөндөй согуштук аракеттери, Иран маселеси, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясый турбуленттер, ж.б. катаклизмдер. Буларга кошумча болгон дүйнөлүк финансы кризистеричи? Америка доллары менен башка дүйнөлүк ири мамлекеттердин валюталарынын ортосундагы “кансыз согуштар”, Россияга жасалган экономикалык санкциялар кошумча болду дагы, коллективдүү Батыштын экспансиялык жүрүм-туруму катуу көйгөйдү жаратты. Албетте, каршылашкан жактардын ар бири өздөрүнүн позицияларын гана туура көрүшөт. Бул саясат!

Эми биринчи жолу 2016-жылы АКШнын саясый истеблишменттеринин арасына жиреп кирип, республикачыл партиянын лөктөрүн жеңил эле баш ийдирип, президенттик такка талапкер болгон Дональд Трамп жөнүндө кыскача кеп кылсак. Ал саясый олимпке чыга келгенде кандайдыр бир кызык жүрүм-туруму менен элди таңкалтырган, бизнестен башкага кызыкпаган адам катары көрүнгөн. Бирок, бул кишиде бийлик үчүн жан-үрөп күрөшүү таланты өтө күчтүү экен! Ал өзүнүн биринчи президенттик доорунда көптөгөн одоно катачылыктарды кетирди. Саясаттан да, экономикалык стратегиядан дагы. Ошондуктан, аны 2020-жылдын ноябрында демократ Джо Байден жеңип алган. Мени ошол кезде эле Трамптын кадамдары таңкалтырган болчу. Ал АКШнын тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй кадамдарга барып, өзүн колдогон тарапташтары менен парламенттик Капитолийди чабуул менен басып алганы эсиңиздерде чыгар. “Кыкеңдерден үйрөнгөн го?” деген азил тамашаларыбыз да айтылып кеткен. Анткени, баскынчылар шумдуктуудай тездик менен парламенттин залдарына кирип барышып, креслолорго отуруп алышып, Трампты такка кайтарып келүү талаптарын коюшкан. Баарынан кызыгы, алардын арасында өтө активдүү болгон кыргыз жигитинин жүргөнүн жазышып, биздин журналисттерибиз элдин боорун эзип күлдүрүшкөн. Анан эмне болду? Джо Байдендин бийлиги Трампты экинчи баш көтөргүс кылуу максатында ага каршы эки чоң кылмыш ишин козгоп жиберишти! Өтө оор айыптар тагылган. Биринчиси, “Мамлекеттик төңкөрүштү уюштурду” деген доо коюлса, экинчиси, кайсы бир порножылдыздын Трампты “зордукчул” деп айыптаганы, оозун жабуу үчүн ири суммадагы акча сарптаган (!) деген дооматтар. Анан калса, аялы Мелани жана уул-кыздары менен дагы чагымчылык кылууга аракет жасашты. Бирок, каарманыбыздын бийликке болгон кумары ушунчалык күч белем, өзүнө каршы тагылган оор кылмыштык айыптарга акыл жана акча каражаттарын ченемсиз жумшап, баары бир өлкөнүн президенттик таймашына катышуу укугуна жетишип отурат! Жогорудагыларга кошумча болуп, анын президент учурундагы эки жолу каршы көтөрүлгөн “импичмент” аракеттерчи? Тагдырдын тамашасын караңыз, биринчиси Украинанын президенти Владимир Зеленский менен байланыштуу. Прокурордун дооматына ылайык, Трамп украиналык президент Зеленскийге 2019-жылы аталган өлкөдө Джо Байдендин уулу Хантер Байден мыйзамсыз бизнес жасаганы, ага шылтоо иретинде чагымчылдык кылып, согуштук жардамды кечиктиргени үчүн деп айып коюлган. Анүстүнө Трамп Конгресс сураган документтерди да бербей койгон. Экинчи импичмент 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийге чабуул уюштурганы менен байланыштуу. Эки импичмент тең эл өкүлдөр палатасы аркылуу бекитилгени менен сенат аны четке кагып, Трампты күнөөсүз катары тапкан. Анысы аз келгенсип, шайлоо кампаниясы кызыган кезде Трамптын өмүрүнө реалдуу коркунуч келтирген эки жолу кол салуу да болуп кетти!

Эми ушундай азаптуу жол менен экинчи ирет президенттик жортуулга аттанган 78 жаштагы Дональд Трамп 5-ноябрь 2024-жылы демократтардын талапкери, 60ка чыккан Камала Харристин “таш-талканын чыгарып”, 5 миллиондон ашуун добуш менен жеңип алып отурат! Жаңы президент АКШнын президенттик тактыны багынтууга арналган мыйзамдык татаал системасын да ийгиликтүү аттап өтүп, шайлоочулар коллегиясынын 288 добушуна ээ болду. Критикалык босого 270 добуш экендигин эскек алсак, бул жеңиштин баасы өтө салмактуу. Ал эми Камала Харриске 226 добуш ыйгарылыптыр. Бул эми алгачкы эле жыйынтыктар. Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын Конгресс 2025-жылдын 6-январында бекитет. Ошондой болсо да, аракеттеги вице-президент, демократ Камала Харрис шайлоонунун эртеси күнү эле Вашингтондогу Говард университетинде өзүнүн электоратынын алдында Трампты жеңиши менен расмий куттуктады. Бийликти өткөрүп берүү боюнча мыйзамда каралган 2,5 айлык мөөнөттө кынтыксыз уюштуруу иштерин камсыз кылууга убада берди. Өз кезегинде президент Джо Байден да Трампты телефон аркылуу куттуктап, инаугурацияга чейин эле Акүйдөн жолугушууга чакырды. Мына сага чыныгы америкалык демократиянын күчү! Бир гана АКШда оппозициялык талапкер аракеттеги бийликти президенттик ат салышууда утуп алат окшойт... Биздин Кыргызстан мындай цивилизацияга качан жетишээр экен?.. Эмнеси болсо да жакшы үмүт менен жашай берели. 

Дональд Трамп өзүнүн шайлоо алдындагы платформасында көптөгөн убадаларды берген болчу. Муну дүйнөлүк шайлоо саясаты дейли, бирок ошондой болсо дагы акыркы бир жумада анын триумфалдык жеңиши заматта эле бир топ экономикалык жана саясый жаңылыктарды бере баштады. Эми анын убадалары боюнча: Россия–Украина–НАТО согуш араздашуусун өзүнүн расмий инаугурациясына чейин токтотуу; Израилге ар тараптуу жардамды улантып, Жакынкы Чыгыштагы согушту басуу; АКШга мыйзамсыз кирген мигранттарды массалык түрдө 1 миллионго чейин депортациялоо; Байдендин администрациясы колдонгон “ачык эшик” саясатынан баш тартып, АКШнын чек арасын толук жабуу; Израилдин тактикасын туурап, АКШга да аба чабуулунан коргоочу “Темир чатыр” системасын киргизүү; баардык импортко 10-20% тариф киргизүү жана кытай товарларына 60%дык пошлинаны колдонуу; АКШнын өзүндө өндүрүлгөн товарларга болгон салык ставкаларын 21%дан 15%га чейин төмөндөтүү; “чай ичирүү” жана социалдык пакеттерге болгон салыкты жоюу жана чет элде жашаган АКШнын жарандарына колдонулган кошмок салыкты алып салуу; убагында Барак Обама киргизген медициналык камсыздандыруу программасын (Obamacare) алмаштыруу; жылына ар бир балага арналган 5 миң долларлык салык жеңилдиктерин кеңейтүү; аборт кылуу укугун штаттарга өз алдынча чечүүнү сактап берүү; балдарды критикалык расалык теорияга окутууга жана трансгендердик маселелерге бөлүнгөн федералдык каржылоону кыскартуу; спорттун аялдар катышкан түрүнө трансгендерлерди жолотпоо, ж.б. 

Эми Трамптын жогорудагы убадалары кандай аткарылат? Дароо эле анын жеңишине улай АКШда бир нече кескин өзгөрүүлөр орун ала баштаганы кызык! Биринчи эле казына облигациялары кескин түрдө өстү! Бүт дүйнөнү доллар менен “бомбалаган” Федералдык резервдик система (ФРС) эми өзүнүн акча-кредиттик саясатын катуулатат окшойт. Трамптын салыкты азайтуу убадалары менен импортко тарифти кескин көтөрүү убадалары Американын экономикасына жасалган инфляциялык басымды күчөткөнү турат. АКШнын доллары башка дүйнөлүк валюталарга салыштырмалуу чыңала баштады. Алтургай биткоин кескин жогорулап отурат. Трамптын жеңиши дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу болуп бара жаткан криптовалютаны да чыйралтып койду. Чикаго шаарындагы экономикалык клубдун катышуучуларынын алдында Трамп “чет элдик продукцияларга карата кескин катуу чараларды көрөбүз” дээр замат АКШнын өндүрүшүн чыңдоо программалары укмуш тездик менен сунуш кылына баштады. Өлкөгө дүйнөлүк бренди күчтүү чет элдик ишканалардын кайтып келүү мүмкүнчүлүктөрү ачылып отурат. Американын автопромун күчөтүү максатында Трамп тарабынан Мексикадан өткөн автомобилдерге 200%дык пошлина киргизүү аракеттери катуу көрүлүүдө. Менин оюмча, БРИКСтин “дедолларизация” боюнча финансылык аракеттери Трамп тарабынан катуу каршылыктарга кептелгидей. Аягы эмне менен бүтөрүн байкап туралы. Айыгышкан “фискалдык согуштар” али алдыда! Анткени, БРИКС+“Глобалдуу Түштүк” бирикмеси да оңой жоо болбой калды! Бирок, Трамптын Висконсин штатында шайлоочуларын козутуп, “мен турганда алар доллардан кете алышпайт!” деп айкырганын да эске алып коюу керек. Трамптын кошумча “эгер силер доллардан баш тарта турган болсоңор, АКШда бизнес кылууну унуткула!” деген да жайы бар. 

Трамптын амбициялуу экономикалык саясаты дүйнө жүзүн кандай өзгөрүүлөргө дуушар кылуусу мүмкүн? Мен өзүмдүн оюмду гана билдирүүгө укугум бар. Дүйнө экономикасында дароо эле фрагменттик ажырымдар орун алуусу мүмкүн. Азыркы күндө Кытай менен АКШ дүйнөлүк экономикалык эки блокту ээлеп алышкан. Бирок, үчүнчү – тиги экөөнө баш ийбей бараткан блок пайда болуп отурат. Ал өлкөлөр АКШ менен Кытайдын араздашууларынан пайдаланышып, соода жана инвестиция маселелерин өз алдынча чече башташты. Трамптын келиши дүйнөлүк экономиканы дүрбөлөң кылганы турат. Жогорудагы үч блоктун саясатынын азабын Еврокошуун (ЕК) тартат го? Мисалы, Трамп ачык эле ЕКга кыжырданып сүйлөп, алардын ири өндүрүш товарларын АКШнын рыногуна кирүүсүн чектөөнү сунуш кылып салды. Тактап айтканда, Трамп эргул ЕКдун товарларына 20% пошлина жүктөгөнү калды. Мына сага, Ватерлоо! Баарынан кызыгы, менимче, Трамптын ийгилиги нефть менен алтындын баасын дүйнө жүзүндө да төмөндөтүп жибериши мүмкүн! Анткени, Трамптын саястына ылайык, АКШ менен Кытайдын ортосундагы товардык пошлина оюну Кытайдын АКШга жана анын стратегиялык өнөктөштөрүнүн базарларына ылайыкташкан экспорттук потенциалын кескин түрдө төмөндөтөт. Натыйжада, Кытайдын ичинде өндүрүштүн көлөмү азаят. Бул жагдай сырьёлорго болгон дүйнөлүк талапты да төмөндөтөт. Кытай нефть менен нефтпродукталарынын башкы керектөөчүсү экендигин эске алсак, аларга болгон базар баасы арзандай бермекчи. Мунун терс таасирлери биринчи эле углеводород кендери менен жан баккан өлкөлөрдүн шаштысын алат. Алардын арасында Россия да бар. Алтынга болгон абал деле ошондой. Азыр алтындын баасы укмуш өсүп, 1 троялык унциясы 2800 АКШ долларын түздү. Эми ФРС адаттагы оюнун колдоно коюп, ставканын төмөндөшүн акырындатып койсо, анда сырьё товарларынын баасы өлдү дей берели! Трамп бекеринен өзүнүн долларын бекемдөө үчүн жанталашып жаткан жок. Биздин Кыргызстандын финансисттери менен экономисттери күндөп-түндөп иштеп жатышса керек деп үмүт этели! 

Дональд Трамптын командасы дагы бир “сюрприз” даярдап койду. Алар АКШга арзан энергияны камсыз кылуу үчүн бүт күчүн жумшап жатышат! Трамп өз өлкөсү өндүргөн нефтке экологиялык жана салык жеңилдиктерин бергенге белсенип отурат. Алар ансыз деле суткасына 13 миллион баррель нефть чыгара башташыптыр. Демек, АКШ арзан энергоресурстар жана электр энергия менен камсыз боло баштайт. Мындай аракеттер алардын өндүрүшүн кескин жандандырууга шарт түзүп берет. Ошондуктан, Дональд Трамп “Мен Американын кайра жаралуу доорун жаратам!” деген чакырыгын тынбай айтууда. Жаңы президенттин аркасы менен дүйнөнүн рынок фонду да өзгөрөт. Менимче, оң жагына чечилет. Эгерде Трамп Батыш менен Россиянын ортосунда компромисттик мамилени орното алса, анда россиялык инвесторлор да жандана башташат. Мындай жагдай ШКУ менен ЕАЭБге кандай таасир берет? Тийешелеш институттар ойлонуп жатышкандыр...

АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын авторитетине кошумча катары республикалык партиянын Конгресс үчүн ийгиликтүү жеңишин айталы. Анын депутаттары эки палатада тең чечүүчү көпчүлүктү ээлеп калышты. Демек, учурда Трамптын “бычагы мурда болуп көрбөгөндөй курчуду”. 

АКШдагы саясый өзгөрүүлөр Борбор Азияга жана анын ичинен бизге сүйүктүү Кыргызстаныбызга кандай таасирлерин тийгизет? Бул жерде АКШ салт болуп калгандай, демократия, адам укугу, сөз жана соода эркиндиги сыяктуу түшүнүктөр менен алпурушуп келет. Оң жана терс жактарын жакшы эле билип калдык. Менимче, Трамптын администрациясы жогоркудай квазибаалуулуктарга дагы күчөтүп көңүл бурат. Росссия менен Кытайдын чеңгелине жөн эле салып бербейт. Ошондуктан аталган чөлкөмдүн өлкө башчылары да өз ара интеграциялык аракеттерди бышыктоо менен алек. АКШ экономикалык жана инвестициялык саясатты да кайрадан кароого аргасыз. Айрыкча энергетика, кен байлыктарды өздөштүрүүгө көңүл бурулат. Россияга карата киргизилген экономикалык санкцияларды колдоого чакырат. Мунун баары ишке кантип ашары биздин аймактык лидерлердин эркине байланыштуу. Борбор Азия глобалдык коопсуздук боюнча да абдан маанилүү. Ошондуктан, АКШ Россия, Кытай жана Ооганстандын таасирлерин аталган аймак үчүн минималдуу болушун каалайт жана ал багытта өзүнүн экспансиялык саясатын күчөтөт. Бул максатта биздин чөлкөмгө Еврокошуун баш болгон өнөктөштөрүн, мисалы, Япония менен Түштүк Кореяны тартат. 

Кыргызстан үчүн АКШдагы биздин эмгек мигранттарыбыздын абалы менен тагдырлары абдан маанилүү маселе. Тилекке каршы, бул багытта орун алган алгылыктуу ийгилик менен мактана албайбыз. Акыркы жылдардагы АКШга болгон кыргыз жарандарынын стихиялык миграциясы көйгөйлүү маселелерди көп жаратууда. Мурдагы “биз жарандарыбызды чет өлкөлөргө вагондоп жөнөтөлү” делген адамгерчиликсиз саясаттан улам жумушсуз мекендештерибиз массалык түрдө кетүүгө аргасыз болушпадыбы! Биздин ТИМдин былтыркы маалыматы боюнча 2023-жылы эле АКШга Россиянын согуштук мобилизациясынан качкан 50 миңден ашуун кыргыз жарандары барышыптыр. Жалпы мигранттарыбыз АКШда канча экенин эч ким так айта албайт. Менимче, так сан жок. Чынында АКШдагы элчилик өзүнчө, шордуу мигранттарыбыз өзүнчө, эки башка планетада жашагандай сезим орун алган. Бир эле Чикаго шаары менен Иллинойс штатында 40 миң кыргызстандыктар жашаса, а грин-карт алгандар менен жарандыгы бар мекендештерибиздин саны канча? Иши кылса көйгөй өтө курч. Мына эми, жаңы шайланган президент Дональд Трамп “мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн кууп чыгам” деп чамынып жатат. “Бул акциянын кесепети Кыргызстанга жаңы баш ооруларды алып келбейт” деп эч ким кепилдик бере албайт. АКШда убактылуу болсо да эркиндиктин шооратын татып калган “азаматтарыбыз” массалык түрдө кайтып келишсе, аларды жумуш менен камсыз кылып, социалдык талаптарын адекваттуу чечүүгө даярбызбы? Менимче, министрлер кабинети бул маселе боюнча чукул иш-чараларды уюштурууга милдеттүү го?.. Кандай болгон күндө да алардын тагдырына биз өзүбүз гана күйүшүбүз керек.

Дүйнө чакырыктары мурда болуп көрбөгөндөй курчуп кетти. Мындай кырдаалда өз ара араздашканды токтотуп, биримдикке баш ийип, илимдүү-билимдүү жарандарыбызды активдүү пайдаланып, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жапырт жаратмандык жолго түшсөк экен! 


Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор 

11.11.2024-жыл 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер