Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев: “Менин баамымда, доллар дагы 5-10 сомго төмөндөйт”

Алишер Козуев: “Менин баамымда, доллар дагы 5-10 сомго төмөндөйт”

30-май, 12:00
1 713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Доллардын түшүү себептерин айтсаңыз? Валюта боюнча дагы кандай күтүлбөстүктөр, терс таасирлер болушу ыктымал?

-- Доллардын түшүшүнүн себептери акыркы геосаясатка байланыштуу болуп жатат. Бул ошол эле Украина–Россия тирешинин кесепеттери. Биз түздөн-түз Россияга байланганбыз. Аларда доллардын куну төмөндөп, бизге да таасири, кесепети тийип жатат. Доллар дагы түшүшү ыктымал. Менин баамымда, мындан ары да 5-10 сомго төмөндөйт. Азык-түлүктүн кымбатташы деле ушунун себептери. Биздин ишкерлер кымбаттаган бааны дароо төмөндөтө алышпайт. Себеби биз ошол эле азык-түлүк, күйүүчү майлар, керектүү жабдыктарга Россияга байланганбыз...

Мен билгенден Россия менен көпчүлүк келишимдер рублге өткөн эле. Алар “долларды толук жоёбуз” деп өз акчасын жүгүртүүдө. Мурда биздин ишкерлер доллар менен алыш-бериш кылып жүрүшкөн. Эми эле төмөндөп калган Москва валютасына өтүп, аны менен товар жүгүртүп башташканда, кыргыздардын бешенесине анекдоттогудай болуп рубль көтөрүлүп, ошонун негизинде азыр баалар кармалып турат. Бизде доллар түшкөнү менен деле эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мүлктөр, Кытайдан келген товарлар арзаныраак болушу мүмкүн. Мисалы, кийим-кече дагы башка нерселер. Бирок менин баамымда, азык-түлүк, өсүмдүк майы, кумшекер, күйүүчү май ж.б. арзандабайт. Россиядан келген керектүү нерселер рублдин куну менен бааланып, баасы түшпөй кармалып турат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер