Искендер Шаршеев: “Ишкерлик үчүн арбитраждык сот системасын күчөтүү зарыл”
-- Азыркы кырдаалда экономикалык кризистен кантип чыгуу керек?
-- Кыргызстан өнүгүшү үчүн Сингапур, Шанхай, Вьетнам, Батуми ыкмаларын колдонуу маанилүү. Ал үчүн сот системасын санариптештирип, сот менен соттолуучунун жолугушуусун мүмкүн эмес кылып, электрондук сот системасын ишке киргизип, ишкерликтеги кылмыштарды декриминализациялоо керек. Ишкерлик үчүн өзгөчө арбитраждык сот системасын күчөтүү зарыл. Ал жасалгандан кийин атайын мыйзам менен дүйнөлүк эң чоң ишканаларга, Майкрософт, Тесла, Форд, Эпл, Самсунг сыяктууларга кол тийбестик жарыялап, 10 жылга текшерүүлөрдөн, социалдык салыктардан, материалдарды бажылык төлөмдөрдөн бошотуп, өлкөбүзгө чакырыш керек. Алардан тышкары, келгендерге мыйзам адаттагыдай калса болот. Ошондо өлкөбүзгө көптөгөн инвесторлор келип, акча-инвестиция каржылап, жумушчу орундарды түзүп, элибизди гүлдөтүүгө алып келет. Ага чейин эч нерсе өзгөрбөйт.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити