Молдокелерди ИИМдин ишине аралаштырган Азенбек Козукеевдин кемчонтой жүрүшүбү?


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Нарында молдокелерди коштотуп алып, айдоочуларды текшергени, даават жүргүзгөнү коомчулукта талкуу жаратты. Кемчонтойлук эмеспи?! Сын пикирлер курчуп, ИИМге карата акаараттар айтылды. Мындай көрүнүш мыйзамга туура келбейт. Светтик өлкөдө сакалчандарды ашынтып жибергенибиз ушулбу? Интернет айдыңында коомчулук экиге бөлүнүп, жаатташып жатышканы өкүнүчтүү.
Эми боёсу канды... Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеевдин жоопкерчилигин карап, тезинен чара көрүү керек да, туурабы? Тим койсо элдин баарын азан айттырып, каякка бургусу келет? Конституцияга жараша мындай “чунактыкка” мыйзам алдында баа берип, тийешелүү зарылчылыгын кароо шарт. Мамлекеттин ишинен дин сырткары да, камыр-жумур аралаша берсе кандай? Таңгалычтуу...
Кыскасы, Азенбек Козукеев алешем жоругу менен өлкөбүздү Афганистанга айландыргысы барбы? Ушунун айынан жогорку жетекчиликке чейин заар сөздөр айтылууда...













