Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүрбек Суваналиев – эл колдоосу менен аянттан министр болгон жалгыз генерал

Өмүрбек Суваналиев – эл колдоосу менен аянттан министр болгон жалгыз генерал

09-ноябрь, 20:04
693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

10-ноябрь советтик милиция күнү. Чыныгы профессионалдардын майрамы эле. Өтө ардакталчу. Себеби, кадрды даярдоонун маңызы – курсант курагынан жетиштүү билим алуу менен коопсуздукту камсыздоого, мекенге кызмат кылууга тарбияланчу. Анан жумушка кирүүнүн тартиби, карьера жасоонун да ырааттуулугу сакталып, башаламан кадр саясаты болчу эмес. Балээнин баары кийин башталды. Кыргызстан эгемен өлкө алган соң, окубай жүрүп дипломго жеткендер, аскердик билетти сатып алгандар көндүмгө айланган. Мына ошондой калпыстыктардын “үзүрүн” азыр да көргөндөр бар...

Биз эмне үчүн советтик милицияны эстеп, учурдагы “шалапай” кадрларга салыштырып жатабыз? Үлгү болсун. Маселен, Өмүрбек Суваналиев СССР ички иштер министрлигине караштуу Карагандадагы милициянын жогорку мектебин 1981-жылы бүтүп келип, катардагы оперликтен көтөрүлүп отуруп, 1991-жылы Чолпон-Ата ШИИБнин начальниги болгон. Ошол кездерде көп эрдиктерди көрсөткөнү, террористти колго түшүргөнү, натыйжада, эл тарабынан “Комиссар Каттани” лакап аты ыйгарылганын эскерте кетели. Милициянын адилеттүүлүгү үчүн камалып, кийин кайра акталып, мурда ээлеген кызматын аркалап, айтор, башынан көптөгөн оош-кыйыштарды өткөрдү. Ортодон Жогорку Кеңешке депутат болду. Андан соң Ош облусунун (түштүк аймагы боюнча) КГБнын начальниги кезинде тонналаган курал-жарактарды кармай коюп, бийликтин айыбын ачып, кызматынан кетүүгө аргасыз эле...

Башкасын айтпасак да, генерал Суваналиев 2005-жылы төңкөрүштөн кийин Бишкек ШИИБ начальниги болуп, башаламандыкты токтоткон. Борбор калаада стабилдүүлүк орногон соң, Курманбек Бакиевдин кланы кызматтан алдырып салат. А күзүндө кайра митингдер башталып, Рысбек Акматбаев баш көтөргөндө кайрадан “Комиссар Каттани” керек болуп, экинчи ирет Бишкек ШИИБ жетекчилигине дайындалып, калаа туруксуздугун жөнгө салат. Көп өтпөй ИИМдин орун басарлыгына которулат. Ал жерден да узакка отургузушпай, кызматтан кетирип тынышат. Бир канча убакыттан кийин 2006-жылдын ноябрь митингдери башталып, “Реформа үчүн” кыймылын колдогон 40-50 миң чамасындагы эл Акүй, Ала-Тоо аянтынын астына батпай калганы эсибизде. Мына ошол жерден жаалданган көпчүлүк ураан чакырышып, Өмүрбек Суваналиевдин министр болушун талап кылышары менен Курманбек Бакиев коркуп кетип, аргасыздан элдин үнүн угат. Агезде баарыбыз күбө болгондой, ИИМ жетекчилигине “Комиссар Каттани” келип, сенсация жаралганы ырас... 

Кепти ушул жерден кыскартып, Өмүрбек мырзаны 10-ноябрь советтик милиция күнү менен куттуктайбыз! Бекем ден соолук, узак өмүр каалайбыз, чын дилден! Күч органындагы кризис-менеджер катары кайрадан кайтып келишиңизге тилектешпиз! Себеби, сиз таза жана профессионал кадр экениңиз талашсыз чындык! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер