Улукман Мамытов, экономист: “Россия-Украина согушу биздин соода-сатыкты өстүрүүдө”

-- Акыркы убакта биздин экономикалык көрсөткүчтөр жогоруладыбы? Балким, буга инфляция себепкерби?
-- Ооба, мен бул көрсөткүчтүн үч себебин көрүп турам. Биринчиси, бул Россия менен Украинадагы согуш дүйнөлүк кризиске аябай тепки берип, биздин Кыргызстанга, Орто Азияга импортко көз карандылык пайда болуп, соода-сатыгыбыз жогорулап баратат. Бул биздин өлкөнүн жана Казакстандын, Армениянын, Түркиянын экономикасына жакшы түрткү берди. Муну менен бул мамлекеттер утуп жатат. Экинчи себеби, кризис башталып, инфляция өсүүдө. Ошондуктан бюджетибиздин толгону, экономикабыздын өсүшү ошондон го (?) деген пикирдемин. Мисалы, инфляция болгондо азыркы 100 сом 120-130 деп көрсөтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан баалар өсүп, биздин экономикабыздагы көрсөткүчтөр да өсүүдө. Үчүнчү себеби, өкмөт да жакшы реформа жүргүзүп жатат. Көптөгөн соода-сатыкты, бизнести көлөкөдөн чыгарып, чектерди чогултуп, ар кандай иш-чаралар менен элге кызыгуу пайда кылууда. Бул нормалдуу эле көрүнүш да.