Канат Жумагазиев кесиптештеринен алдыга озду. Андан кийинкилер кимдер?


Эки шаар жана жети облустун милиция башчыларына сересеп салдык. Буга чейинки кылып жаткан иштерине байланыштуу сурамжылоо жүргүзүп, калыс мааниде рейтингдерин аныктап турган чагыбыз. Коомдук коопсуздук абалды камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптештирүү жана чарбалык иштери сыяктуу жетишкендиктери эске алынды. 100 пайыздык чен-өлчөм ишмердиктерине жараша бөлүштүрүлдү.
26% – Канат Жумагазиев, Ысык-Көл ОИИБ начальниги;
20% – Жеңиш Абитов, Ош ОИИБ начальниги;
17% – Мурат Боронов, Баткен ОИИБ начальниги;
14% – Сапарбек Асаналиев, Чүй ОИИБ начальниги;
9% – Алмазбек Жумабеков, Нарын ОИИБ начальниги;
6% – Марлис Асанов, Талас ОИИБ начальниги;
5% – Ашым Тагаев, Жалал-Абад ОИИБ начальиги;
2% – Азамат Ногойбаев, Бишкек ШИИБ начальниги;
1% – Акылбек Мамасейитов, Ош ШИИБ начальниги.
"Азия Ньюс" гезити











