Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаны таттуу Мырзакматов “соодалашып” атыптыр

Жаны таттуу Мырзакматов “соодалашып” атыптыр

06-ноябрь, 11:41
1 112 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төңкөрүштүн шарданы менен Мелис Мырзакматов өлкөгө келе калып, соттуулугун жойдуруп, тазаланып алган. Жаңы бийлик кызмат бербей койгондон кийин таарынып, Түркияга оодарып кеткен бизнестерине баш-көз болуу үчүн учуп кеткени маалым. Эми ал жакта жатып алып, президенттик шайлоого аттана турган азаматтар менен “соодалашып”, өзүнүн кадырын айга теңегендей көкөлөтүп жаткан чагы. Эгерде духу жетсе, аламанга аттануу менен аброюн сынап көрбөйбү? Жасалма мүнөз күтпөй, чыныгы кыргыздын эр жигити сымал тобокелдикке бара алса не? Же адатынча эле коркуп жүрө береби? Убагында кыйын күнгө кабылышкан саясатчылар камалышып, учурда жылдыздары жанып аткан чактары. Кезинде Мырзакматов болсо качып кетип, жалтактыгын, жанынын таттуулугун далилдеп, рейтингин түшүрүп алган чагы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер