Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Тыйыны жок кишилер үй салууга киришип, анан бүтүрө албай калып жатышат”

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Тыйыны жок кишилер үй салууга киришип, анан бүтүрө албай калып жатышат”

29-январь, 09:00
335 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Улукбек Зулпукарович, кечээ жакында эле жер силкинбедиби. Анын күчү анчалык деле катуу болбоду, кыйроолор жок, бирок Кудай бетин ары кылсын, кечээгидей 4-5 эмес, 8-9 балл болсо биздин турак жайлар, өзгөчө жаңы салынган үйлөр ага туруштук берерине кепилдик барбы?

-2023-жылы Түркияда болгон чоң жер титирөөдөн кийин бизде министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага парламенттин депутаттары да кирген. Бирок, комиссиянын ишинин жыйынтыгы бүгүнкү күнгө чейин жалпы коомчулукка ачыкка чыккан жок. Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөр канчалык баллга туруштук бере алары боюнча комиссия өзүнүн корутундусун бериши керек болчу. Мен былтыр 19-октябрда ушул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, “комиссия өзүнүн ишинин жыйынтыгын алып чыксын” дегем. Биз жер титирөөдөн кийин эле текшере баштабай, бул системдүү иш болуш керек. Өзгөчө биздин мамлекеттик курулуш агенттиги долбоорлорду караганда, үйлөрдү салардын алдында талапты катуу коюусу зарыл.

-- Көп кабаттуу тамдарды, албетте, акчасы бар кишилер салат. Комиссия ишинин жыйынтыгын чагарбай жатканы дал ошолордун таасири эмеспи?

-Мен жалаң эле байлар салат дегенге кошулбайм. Тескерисинче, колунда бар киши салса, бүтүрүп туруп сатмак. Бизде тыйыны жок кишилер үй салабыз деп киришип, элдин акчасын чогултуп алып, анан бүтүрө албай калып жатышат. Ушул жагын жөнгө салуу зарыл. Биз ушундай эл экенбиз, убагында баарыбыз чуркап аптека сала баштадык. Андан кийин ломбарддарды, акча алмаштыруучу бюролорду, заправкаларды ачканга өттүк. Акыркы он жылда болсо кичине колунда бар киши эле беш-алтоо биригип, бош жерди көрсө эле баса калып, үйлөрдү куруп жатабыз. Биз бул боюнча дагы маселе көтөргөнбүз. Борбор калаанын генералдык планы бекитилип, тамдарды кайсы жерге салса болору, кайсы жерге болбосу так көрсөтүлүшү керек. Ошондо ызы-чуулар болбойт. Экинчиси, Белоруссияда жаңы үй 50 пайыз курулуп бүтмөйүнчө куруучулардын аны сатууга акысы жок. Бизде да үй алам дегендердин кызыкчылыгын коргоо үчүн ушундай бир система ойлоп табышыбыз керек. Болбосо бир курулуш компаниясы банкрот болсо эле жүздөгөн адам талаада калып, жөнөкөй кишилер жабыркоодо.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер