Полковник Жумгал Абиевдин жылдызы жанса...
Ысык-Көл РИИБ начальниги Жумгал Абиев бышып-жетилип турган кадр. Буга чейин Каракол ШИИБни ийгиликтүү башкарган. Андан сырткары, Бишкек, Чүй, Жалал-Абадга чейин иштеп барып келген эле. Билими, тажрыйбасы жетиштүү. Жуке опер кезинде уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин кармап, ири кылмыштардын бетин ачып келгенин билебиз. Өздүк курамдын ичинде аброю бийик. Миллиондогон эс алуучулар келген Ысык-Көл районуна жөн жерден дайындалбаса керек. Каарманыбыз быйыл үчүнчү сезонду натыйжалуу өткөрүп атат. Айтмакчы, профессионал Жеңиш Жоробеков да Жумгал Абиевди жогорку деңгээлде баалайт. Алгыр бүркүттөр бири-бирин алыстан көргөндөй, булар дагы адамдан чыккан айбаттуулар катары өзгөчө деңгээлдеги эр жүрөктөр... Натыйжада, быйыл Ысык-Көлдүн сезону бүтсө, Жумгал баатырды Бишкек же Чүй облусуна байкап көрсөк, жетекчилик орунга караштырса эмнеге болбосун? Бул реалдуу сунуш. Абалды оңдоп, ишенимди актайт эле (!) деген ойдобуз.
"Азия Ньюс" гезити