Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Махабат Мавлянова, экс-депутат: “Селден жабыркагандарга даректүү жардам берип жатабыз”

Махабат Мавлянова, экс-депутат: “Селден жабыркагандарга даректүү жардам берип жатабыз”

06-июль, 23:49
318 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Махабат Эргешовна, табигый кырсыктан жабыркаган ноокаттыктарга жардам берүү боюнча демилге көтөрүп, жеке өзүңүз 400 миң сом каражат бөлүп жатканыңыз үчүн сизге жалпы жердештериңиздин атынан ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин демилгеңизден кийин канча каражат жыйналып, анын канчасы которулду?

-Биз селден жабыркагандардын ар бирине жеке, даректүү жардам берип жатабыз. Анткени, бузулган жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо боюнча өкмөт, жергиликтүү бийлик тарабынан иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда тамын, короо-жайын, мал-жандыгын сел алып, эгинин суу каптап кеткен кишилер бар. Алар эми үй-жайын кайра оңдоп, эмерек, үй буюмдарын сатып алышы керек. Анын баарына каражат керек болот. Ошондуктан, биз алардын ар бирин тактап, көмөк көрсөтүүнү чечтик. Мен социалдык тармактар аркылуу кайрылган соң дагы бир топ кишилер үн кошуп, анча-мынча акча жыйналып атат. Жакында өзүм барып, чогулган каражатты муктаж болгондорго таратып келем. Азыр ал жакта менин эки жардамчым иштеп жатышат. 

-Сизге жеке кайрылгандар да көп болсо керек?

-Ооба. Алар негизинен табигый кырсыктан жабыркап, үйлөрүн сел алып кеткендер. Аларга колдон келишинче жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатам.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер