Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдиктин» жеңиш алдындагы жүрүшү!

«Биримдиктин» жеңиш алдындагы жүрүшү!

02-октябрь, 13:27
749 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ошентип, шайлоонун расмий үгүт кампаниясынын аякташына саналуу сааттар калды. Партиялар үгүт ишинин акыркы күнүнѳ кирип келишти. 

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын жаштары менен тарапташтары Жалал-Абад шаарында жеңиш алдындагы жүрүш жасашты. 

Партиянын жаштары шаардын кѳчѳлѳрүн аралап, «Биримдик, биримдик, биримдик!» деген ураанды кыйкырышып, элди ынтымакка чакырып, «Биримдик» партиясына добуш берүүгѳ үндѳшүп, 1 айга созулган үгүт кампаниясы соңуна келип жеткенин билдирип жатышты. 

Расмий үгүт кампаниясынын учурунда «Биримдик» партиясынын Жалал-Абад облусунан чыккан талапкерлери облустун баардык аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, партиянын милдет, максат, программаларын жеткиришти. Облустун шайлоочулары «Биримдик» партиясына ишеним артып жаткандыктарын билдиришип, колдоп, кубаттоого алып жатышты. 

Үгүт кампаниясынын жүрүшү «Биримдиктин» жеңишке жетишерин кѳрсѳттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жеңиш, биринчилик «Биримдик» партиясында болору талашсыз болуп калды. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер