Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмазбек ТОКТОРОВ: “Биз президентти таза шайлап алганбыз, парламенттик шайлоодо да эл акчага алданбайт”

Алмазбек ТОКТОРОВ: “Биз президентти таза шайлап алганбыз, парламенттик шайлоодо да эл акчага алданбайт”

24-октябрь, 10:47
386 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Парламенттик шайлоону үч жыл сайын өткөрүү демилгесин кесиптешиңиз Бакыт Төрөбаев көтөрүп чыкты. Сиз кандай дейсиз?  

-- Үч жыл сайын шайлоо өткөрө берсек, Кыргызстан эмне болот? Беш жылда шайлоо өткөргөндө эле кандай чыр-чатактар болуп жатат? Андыктан, бул пикирди колдобойм. Азыркы эле системаны туура көрөм. Болгону, беш жылда бир келген шайлоодо эл туура тандоо кылып, татыктуу талапкерин Жогорку Кеңешке сүрөшү керек. Мен шайлоочуларыма барган сайын айтам, “эч кимге ишенбегиле, бал сөзүнө муюбагыла, иштеп берерине көзүңөр жеткен талапкерге добушуңарды бергиле, ишенбесеңер шайлабай койгула” дейм. Ошондо тазаланабыз. Буюрса, президентибизди таза шайладык. Кудайга шүгүр, туура жолго түшүп алдык. Эми 2020-жылкы шайлоодо 7-чакырылышка депутаттарды да таза шайлап алышыбыз керек. Бийлик элдин колунда, эл – бийликтин кулагы. 

-- Ал эми “депутаттардын саны 120 эмес, 90, 60, айрымдар 35ке чейин азайтылышы керек” деген да ойлорду айтып калышууда... 

-- Депутаттардын саны 35 болсо, 35 адам менен ар бир бай адам чайга чакырып эле сүйлөшүп, маселесин чечип алат. Өнүккөн мамлекеттерде андай жок. Парламентте сөзсүз көбүрөөк депутат болуш керек. Көп киши болсо, көп ой-пикир болот. Сүйлөшүп, уюшуп, маселе чечүү кыйынга турат. Менин көз карашымда 120 депутат бизге ылайык. Анүстүнө биз парламенттик өлкөбүз да.

-- 9 пайыздык босого чекти азайтууга кандай карайсыз?

-- Кудайга шүгүр, азыр Кыргызстанда туруктуулук орноп калды. Канчалык туруктуулук болсо, ошончолук пайыздык чекти көтөрө берсе болот. Ошон үчүн 9 пайыздык шайлоо босогосун туура көрүп турам. Кээ бирлер “9 пайыз болсо, көп саясатчылар өтө албай калып, көчөдө кыйкырып калышат, сырттан чыр чыгарышат” дейт. Пайыздык чекти түшүрүү керектигин сунуштагандар ушул ойду бетке кармашууда. Ал эми “акчалуулар келет” деген таптакыр туура эмес. Азыр эл акчага алданбайт. Акчасын алып, бирок, добушун ойлонуп берип калышты. 


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер