Бакытбек Жумагулов, серепчи: “Бийлик легитимдүүлүктөн кол жууп баратканда, басмырлоо, камоо процесстери күч алат”


-- Кыргызстандагы саясый абалга көз салгандар сөз эркиндигин чектөө, адам укуктарын басмырлоо күч алганын айтышууда. Бийликке карата кандайдыр бир коркунучтар байкала баштадыбы?
-- Укук тармагында “легитимдүү” жана “легалдуу” деген түшүнүктөр бар. “Легалдуу” деп тигил же бул мыйзам чегинде бийликке келген процессти атайт. Ал эми “легитимдүү” деп легалдуу келген бийликтин чечимдерин, анын башкаруу укугун элдин таануусу катары түшүндүрүлөт. Эгер бийликтин легитимдүүлүгү кете баштаса, легалдуу болуп кандайдыр бир убакытка чейин тура берет. Бирок, аткаруучулардын чечимдери элге каршы жасалса, нааразычылыктар жаралып, бийликтин аброю кетип, легитимдүүлүгүн жоготконго барабар жагдай түзүлөт. Ошон үчүн башчылар адилеттүүлүктү тутунуп, легитимдүүлүктү сактоого аракет кылышы керек. Анткени, Кыргызстандын тарыхында мындай процесстер бир канча ирет кайталанган...
Мисалы, 2004-жылы Аскар Акаевдин бийлиги, 2008-2009-жылдары Курманбек Бакиевдин бийлигинин легитимдүүлүгү кете баштаган. 2019-2020-жылдары пандемия процессинде адекваттуу иш-чараларды көрбөгөнүнүн айынан, шайлоону коррупциялык схемалар менен адилетсиз өткөргөнү үчүн Сооронбай Жээнбеков тактысынан айрылган. Ошон үчүн ар бир бийликтин астында легитимдүүлүктү сактап калуу чоң маселеге айланышы кажет.
-- Эч бир бийлик легитимдүүлүгүн жоготуп алгысы келбейт. Аны сактап калуунун оңой жолу барбы?
-- Легитимдүүлүктү сактап калуунун эң оңой жана жөнөкөй жолу – адилеттүү башкаруу. Эл көтөрүп жаткан маселелерди көз жаздымда калтырбай чечүү, маани берүү, адам укуктарын сактоо, коргоо дагы бийликтин туруктуулугун сактоого кошкон чоң салым. Кыскасы, адилеттүүлүк принциби менен иш алып барып, аны мамлекеттик саясаттын туу чокусуна жеткиргенде гана “легитимдүүлүккө шек келет” деген кооптонуулар жоголот.
-- Мамлекеттик машина алсырап баратканда кандай жагдайлар орун алат?
-- Бийлик легитимдүүлүктөн кол жууп баратканда, басмырлоо, камоо процесстери күч алат. Мына ушундай жагдайлар акырындык менен элдин бийликке карата ишенимин төмөндөтмөкчү. Тагыраагы, бийликтин мыйзамдуулугу жоголуп кетүү коркунучу күч алат.
Негизги бийлик коррупциялык схемаларга каршы күрөшүп, кирдүү системадан алыс болушу керек. Бул нерсе дагы ишенимди жаратат. Ошондой эле бийликтегилердин кабыл алган чечимдери дагы маанилүү аспекти болуп саналат. Эгер элдин талабы эске алынбай, көз жаздымда кала берсе, акырындык менен ишеним жана легитимдүүлүк кете баштайт. Бул учурда бийлик легалдуу, бирок күчү кетип, кырдаалдын курчушуна же абалдын өзгөрүшүнө алып келип коюшу мүмкүн. Мындай учурда эл арасынан лидерлер чыгып, көпчүлүктү башкарып кетет. Ошон үчүн легитимдүүлүктү сактоого биринчи бийлик кызыкдар болушу шарт.
"Азия Ньюс" гезити











