Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жерүйдүн ачылышына Жапаров барат, Путин онлайн катышат

Жерүйдүн ачылышына Жапаров барат, Путин онлайн катышат

15-март, 12:08
868 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы Жерүй кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына барат. Ачылышка Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

“Азаттык”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер