Акыркы кабарлар
» Саясат » Депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун ишмердиги, өткөн чагы текшерилүүдө
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун ишмердиги, өткөн чагы текшерилүүдө
11-декабрь, 21:48
1 947 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Ишеним” фракциясынан депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун ишмердигин, өткөн чагын катуу текшерүүгө алышууда. Туугандарын, жакындарын да “казып” атышат. Бул боюнча тар чөйрөдө кеп козуп, азырынча коомчулукка чыга элек экен. Эске салсак, Сүйүнбек Өмүрзаков кесиптеши Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сындап, эл аралык коомчулукка уят болуп атканыбызды билдирген эле. Ал соңку убакта бийликке сын пикир айтып, өз алдынча саясат жүргүзгөнү байкалган. Көпкө узабай кылтакка илүү оюну башталганы ушулбу? Аныгында, коомчулук тарабынан генерал Сүйүнбек Өмүрзаковдун таза иштегени, милиция кызматкерлерине үлгү жаратканы сыпатталып келет. Көрө жаталы. Убакыт баарын таразалайт эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити