Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сания Токтогазиева: “Конституциялык кеңешменин акыркы версиясы али белгисиз...”

Сания Токтогазиева: “Конституциялык кеңешменин акыркы версиясы али белгисиз...”

21-январь, 11:14
1 211 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Юридика илимдеринин доктору Сания айым менен ат жалында маек.

-- Жогорку Кеңеш ишин улантууда, Башмыйзам боюнча алар чечип берчүдөй. Жол киренин кымбатташы боюнча да ошол эле парламент депутаттары Балбак Түлөбаевдин кызматтан кетишин талап кылышып, сунуш жолдошту. Булар боюнча кандай пикирдесиң? 

-- Азыркы учурда конституциялык реформа жүрүүдө. Конституциялык кеңешме да жыйынтыгын чыгарып, Жогорку Кеңешке жөнөткөнү жатышат. 

Мен мурда эле айтып, чырылдап келгендей, парламент депутаттарынын 2020-жылдын 22-октябрынан бери жасап келе жаткан иштери мыйзамсыз. 

Балбак Түлөбаев боюнча айтсам, ал Жогорку Кеңештин компетенциясына кирбейт. Аны Бишкек шаардык кеңеши дайындайт жана бошотот. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү башкаруу тармагына кийлигишүүгө акысы жок. Бул ЖК депутаттарынын өз ыйгарым укуктарын билбегендигин көрсөтөт. 

-- Башмыйзамга 6-чакырылыштын таасири кандай? Мөөнөтү бүткөн парламент менен Конституция кантип ишке кирет? 

-- Биринчи Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шайланып, анан Башмыйзамга реформа болушу кажет эле. Де-факто аны эч ким эске алган жок. Угушпады. Апрелде жергиликтүү кеңештер менен бирге референдум датасы белгиленери айтылууда. Мунун баары мыйзамсыз дегенге эч ким деле назар салып уккан жок. Бирок баарынын кесепетин кийин тартабыз. 

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү “баары ачык-айкын өтүп жатат” деп эле актанышууда. Бирок алардын акыркы версиясы кандай? Али белгисиз. Эмнеге жарыялашпайт? Баардыгы сөз жүзүндө гана. Юристтер кандай супер өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын көрө элекпиз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер