Руслан Эшимов: “Депортацияга кабылбаш үчүн документтерди тууралаш керек”

“Замандаш” ассоциациясынын Россиядагы өкүлү менен маек.
-- Россияда жүргөн кыргызстандыктардын жүз миңден ашыгы депортация болушу ыктымал экени маалымдалбадыбы. Бул маселе эмнеге байланыштуу болуп атат?
-- Кыргызстандын жарандарынын документтери 15-марттан баштап текшериле баштаган. Себеби, Россия менен Кыргызстандын ортосунда авиакаттам болгон үчүн Путиндин указы менен чыккан амнистия бүткөн. 15-июндан тарта Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Молдова, Азербайжан жана башка визасыз кирген эмгек мигранттарына амнистия бүтөт. Ошого 15-июндан кийин текшерүү болот. Азыр болсо бир гана Кыргызстандын жарандарына текшерүү жүрүп жатат.
-- Ошондо жалпысынан 115 миң кыргызстандык Россиянын аймагынан чыгарылышы мүмкүнбү?
-- Документтери туура эмес, каттоолору жок, депорт болгон, эки же андан ашык административдик штрафы бар жарандар чыгып кетсин (!) деп жатат. 2018-2019-2020-жылдары келген Кыргызстандын жарандары документтери туура болсо кирип-чыкпай эле койсо болот. Себеби, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөбүз.
-- Демек, ал жакта тынч иштеш үчүн документтерин тууралаш керек экен да?
-- Ооба, эгер биздин жарандардын эмгек келишими болсо, каттоосу болсо, эч кандай көйгөй болбойт.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити