Акыркы кабарлар
» Коом » Алматыда 160 киши мерт болуп, 41 сөөк "уурдалганы" кабарланды
Алматыда 160 киши мерт болуп, 41 сөөк "уурдалганы" кабарланды
17-январь, 12:34
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Казакстандын Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов жекшемби күнкү брифингде “Январь окуясында” калаада каза тапкандар жөнүндө маалымат берди.
“Жарандардан 149 адам каза болду. Укук коргоо органдарынын 11 кызматкери курман болду” деди Таймерденов.
Полиция башкармалыгынын жетекчиси каза болгондордун канчасы күч кызматкерлеринин огунан өлгөнүн тактаган жок. Таймерденов өзгөчө абал режими учурунда “атайын даярдыктан өткөн” адамдар өлүкканалардан сөөктөрдү уурдоого аракет кылган жети учур катталганын маалымдады. Казак бийлиги мурдараак тополоңдордун жана кыйратуулардын артында “эл аралык террорчулардын бандасы” турганын билдирген эле.
“Чабуулдарды атайын даярдыктан өткөн, курал кармаганды жана согуш ыкмаларын мыкты билген адамдар жасаган. Ошол эле маалда алар өлгөндөрдү жана жараат алгандарды калтырбай, баарын өздөрү менен чогуу ала кетишкен. Бул күндөрү өлүкканага жети жолу чабуул болуп, 41 сөөктү белгисиз адамдар уурдап кетишкен” деди 16-январда Таймерденов.